Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга эки жыл болуп калды. Ортодо бир балабыз бар. Бир күнү ичип келип мени аябай катуу сабап койду. Эртең менен төркүнүмө баса бердим. Бир канча убакыттан кийин «мен силерсиз жашай албайм, сагындым силерди» деп кечирим сурап келди. Ал кезде балам экөөбүз тең сасык тумоо болуп, ооруп жатканбыз. Анан азыр кете албайбыз, айыкканда алып кет десем жини келип, кетпесең анда биротоло ажырашалы деп кудай күбө талак бердим деп 3 жолу айтып үйдөн чыгып кетти. Бир айдан кийин кайра жалдырап «силерсиз жашай албайт экенмин, талакты жиним менен айтып алдым» деп келди. Ойлондум, акыры баламды тирүүлөй жетим кылбайын, эркек бала болгондон кийин атанын тарбиясы керек деп жараштык. Кайра келгенден бери какшап күнүгө айтам, мечитке бар, имамдан сура эмне кылуу керек экенин бил, бир нерсе десе баралы болбосо үйгө чакыр дедим. Келгениме 3 ай болду, такыр көңүлсүбөйт. Уялып жатам, кантип сурайм, жумуштан такыр кол бошобой жатат деп коет. Эмне кылсак?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







