AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Таенем кооз ич кийим кие албай калганына өкүнгөн. Таенелер тууралуу 6 окуя

Таенем кооз ич кийим кие албай калганына өкүнгөн. Таенелер тууралуу 6 окуя

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам, достор! Бүгүн жүрөгү ушунчалык чоң, колу ушунчалык жумшак, тамагы ушунчалык даамдуу адамдар тууралуу, тактап айтканда таенелер тууралуу баяндарды жарыялайбыз. Окурмандарыбыз өз таенелерин эстеп берди. Сиз дагы комментарийге ой бөлүшүңүз.

Күйөө бала

Таенем кичинекей  кемпир эле. Сагындым. Сексенден ашса дагы ушундай тың болчу. Сагындым. Ооруса дагы төшөккө жатчу эмес. «Бир жерим ооруп жатат» дечү эмес. Балким ошон үчүн оор дартын кеч билип калдык. Арман кылганым, менин күйөөгө тийгенимди көрбөй калды. «Апа, күйөөгө тийсем сизге эмне алдыртып берейин» деп калсам, «Магабы? Койчу ай, кайдагыны айтпай. Мага эч нерсенин кереги жок балам, силер бактылуу болсоңор болду» дечү. Таене, мен бактылуу болдум. 

«Кружево»

«Мынча кооз!» Таенем менен көлгө барганбыз. Менин ич кийимим «кружево» эле. Таенем аябай суктанып карады. «Кий, ушундайларды кий, кийин мага окшоп өкүңөсүң» деди. Түшүнбөдүм. «Биздин убакта кайдан мындай нерселер, жанагы кинолордон эле көрчүк. Бир жолу сатып алдым. Бирок, тартынып эч кие албай койдум. Ошону менен бир жерде жатып, кийин жоголуп кетти. Башым жок да. Эми минтип өкүнүп калам. Баары убагы менен болгон жакшы экен балам. Кооз нерселерди өзүңдөн аябай кие бер. Мынча кооз. Элди ойлогон мен жинди ай.» Таенем «кружево» ич кийим кийбегенине өкүнгөнүн ошондо билдим. Эх…

Боз шорпо

Таенемдин шорпосу жагат. Боппоз, даамы жок. Гүлчө, жумуртка, болду. Керагазга бышырган наны менен жесең, дүйнөнүн эң бактылуу адамы болосуң. Приправа сыяктуу ар нерсени кошконду жактырбайт. Эки, ашып кетсе үч нерсени кошот. Болду. Бардык сыйкыр колунда.

Бет аарчы

Базар. Колумда балмуздак. Жанымда картошка көтөргөн таенем. Кызык, эмнегедир үнсүз басып баратабыз. Бирок, таенемдин оюу бош эмес экенин сезип жаттым. Балмуздагым ээрип, колуман ылдый чыканагыма ага баштады. Таенем ай, бет аарчысын алып чыгып колумду, андан кийин оозумду, анан мурдумду сүрттү, алаканы менен эки бетимден кармап туруп катуу өөп койду. Ошол бет аарчынын жыты дале эсимде. Кемпир жыттанган бет аарчы эле. Сагындым.

Жөжөм

Колу, буту татуировка, чачынын жарымы кырылган, жарымы сары, кулагынын баары сөйкө, тешилбеген орун калбаган, ой, тилинде дагы пирсинг бар экен. Музыкасын угуп жай басып баратты. Ал бактылуу эле. Ал кандай болсо ошондой эле. Өтүп бараткандар аны бузулган кыз деп ойлошту. Бирок, ал андай эмес эле. Ичинин тазалыгы көздөрүнөн көрүнүп турду. Жанымда таенем бар болчу. Бир саамга аны карап турду дагы, «жакшы адам экен» деп шыбырап койду. «А мен коркуп кеттим» десем, «жөжө, мындай адамдан эмес, мыйыгынан жылмайып, ичиндеги арамдыкты көрсөтпөй, жакшы көрүнгөн адамдан коркуш керек, булар кандай болсо ошондой, жашырынбайт» деди. Таенемди сагындым…

Билбейм дебе

«Колуңдан келет балам!» Билбейм десем таенем катуу урушат. Баарын үйрөнсө болот дейт. Өзү турмушка мектепти бүтөөрү менен чыгыптыр. Секелек кыз бир дагы жолу «билбейм» деген эмес экен. Көргөнүн жасай берчү экен. Мен жалкоолонуп «билбейм» деп качсам, жетелеп келип кайра жасатчу. Билген нерсеңди үйрөтүү керек экенин дагы таенемден үйрөндүм. Жакшы көрөм да, таенемди. Көрсөтүп берет, карап турат, окшошпой жатса дагы көрсөтүп берет. «Кел балам, могуну үйрөтчү» деп телефонун көтөрүп келет. «Билбейм» бул жалкоолордун сөзү» дейт таенем. Таенеме кошулам. 

Сиздин таенеңиз кандай?

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Алып баруучу болгусу келгендерге Айзада Жамгырчиевадан кеңеш

Алып баруучу болгусу келгендерге Айзада Жамгырчиевадан кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.