AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Табитти көзөмөлдөө: арыктоо жолдору

Табитти көзөмөлдөө: арыктоо жолдору

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ар бирибиз убагы менен — газдалган суусундук ичип, таттуу же химикаттары көп тамак жегибиз келет. Кээде өзүбүздү колго ала албай, фаст-фуд саткан жерге кантип барып калганыбызды билбей калабыз. Эгерде биз зыяндуу тамактарга болгон каалообузду жеңсек, салмагыбызды бир калыпта кармай алабыз.

1. Эмне каалап жатасыз, так билиңиз

Таттуу жегиңиз келсе — сизге магний керек. Шоколаддын ордуна: ашкабактын данеги, шпинат, кызылча, буурчак, кунжут, кинза, күн карама үрөнүн жеп көрүңүз.

Чипсы, кириешки кааласаңыз-  организмиңиз сууга муктаж, бир  стакан суу ичип, кара нан, зайтун жана помидор жеңиз.

Майлуу тамактарга тартса — кальций жетишсиз, тофу, кунжут, йогурт, сыр, шпинат, кызылча жалбырактарын жана сардина жеңиз.

2. Углеводдорго жок деңиз

Тарелканы элестетиңиз. Аны экиге бөлүңүз, бир бөлүгүн жашылча-жемиштер, экинчи бөлүгүнүн жарымын углеводдор, жарымын белоктор түзсүн. Өзүңүздөр көргөндөй жеп жаткан тамак-ашыбыздын 50 пайызын жашылча-жемиштер ээлеши зарыл. Ар дайым тамактанып жатканда бул эрежени колдонуңуз. Ак ун, күрүч жана кантты бул азыктарга алмаштырыңыз: күрөң кант, күрөң же жапайы күрүч, кара буудай уну.

3. Психологиялык маанай

Табитиңиз майлуу, таттуу азыктарга тартып жатса, алардын ден-соолугуңузга тийгизе турчу зыяндуулугун эстеп ачууланыңыз. Зыяндуу бир нерсе жегиңиз келип жатса, «Мен муну жебейм» деп кесе сүйлөңүз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй бул ыкма 80% жардам берет.

4. Визуализация

Алдыга максат коюңуз. Бир айда канча килограмм арыктагыңыз келет, жазыңыз. Кыялыңыздагы келбеттин сүрөтүн таап, чыгарып алыңыз. Баш тарткан азыктарды жегиңиз келсе, ошол сүрөттү карап, окшошууга аз калганын элестетиңиз. 

5. Таза суу

Өтө муздак эмес, бөлмө температурасындагы суу ичиңиз. Суу организимдеги зат алмашууну тездетет. Сууну күндүн биринчи жарымында, күнүнө 7 стакан же эң көп дегенде 3 литр ичүү сунушталат.

6. Фаст-фуддан баш тартыңыз

Тез татым тамактарын эмне үчүн жегиңиз келет, себебин аныктаңыз. Мүмкүн алардын даамы эмес, физикалык касиеттери жагат. Эгерде кырсылдаганын жактырсаңыз, сабиз же бадам сыяктуу тамактарды колдонуңуз. Муздак жана тоңдурулган азыктар жакса, жемиш ширесин тоңдуруп (канты жок) жеңиз.

7. Дене тарбия

Үй-жумуштары, окуу же ишке барып келүү физикалык көнүгүү эмес. Физикалык көнүгүүлөргө жөө басуу, чуркоо, спорт залга барып машыгуу, сууда сүзүү кирет. Жөө басканда сейилдегендей жай эмес, 30 мүнөт тез ылдамдыкта басуу. Бул минимум десек болот. Эң мыкты тандоо сууда сүзүү. Өсүп жаткан жаштарга булчуң чыгаруунун кереги жок. Машыгуулар бир калыпта болсун. Алсак, аларга баскетбол, воллейбол же футбол туура келет. Ал эми күрөш болсо булчуңдарын чыгарууну каалагандарга ылайык.

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Каржы алиппеси

Каржы алиппеси

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.