AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүннөткө отургузуу тууралуу эмнелерди билүү керек? Балдар хирургу айтып берет

Сүннөткө отургузуу тууралуу эмнелерди билүү керек? Балдар хирургу айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg: Баланы канча жашында отургузуу керек? Канча убакытта айыгып калат? Кандай жолдору бар жана башка суроолору менен Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирургу Элгондиев Азиске кайрылды. 

Сүннөттүн эмне кереги бар?

Медициналык жактан алып карасак, отургузулган бала гигиена жактан таза болот. Кийин ар кандай жыныстык ооруларга кабылып калуу коркунучу азаят. Мисалы, отургузуу менен парафимоз, баланопостит сыяктуу ооруларды алдын алалат.

Отургузулбаган баланын чочосунун башына туз топтолуп, жагымсыз жыттар пайда болот.

Баланы канча жашынан отургузуу керек?

Баланы мынча жашында отургузуу керек деген так бир сан жок. Бирок, бир жаштан өйдө болуш керек. Андан кичине балдар кыйналып калат. Бала 5-6га чыкканча жасаса жакшы болот. Ошондой эле, отургузардан мурун чочосунун өлчөмүн карайбыз. Себеби, кээде гипоспадия сыяктуу патологиялар болуп калат.

Гипоспадия – бул жыныстык мүчөнүн өрчүшүндөгү кемтик — паталогия. Анда заара чыгуучу каналдын тешиги өзүнө тиешелүү жерде эмес, капталында же өйдө жагында, айрым учурларда калтасында же чатында болушу мүмкүн. 

Жаңы төрөлгөндөрдү дароо ырымдап койсо оорубайт деген чынбы?

Бул чындыкка жатпайт, бала ооруну канча жашта болбосун сезет. Жаңы төрөлгөн ымыркайды отургузуу кооптуу, аларда кандын уюусу (свертывание крови) начар. Ымыркайларда дал ушу уюу системасы (свёртывание) жакшы өрчүй элек болот. Ошондуктан, бул мезгилде сүннөткө отургузбай эле турган жакшы. Андан сырткары “желтуха” болуп турган кези. 

Убагында отургузулбай калгандар, кийин канча жашта болбосун, дарыгерге келип кестирип кетсе болот. 

Баланы отургузуунун кандай жолдору бар?

Азыр көпчүлүк лазер менен отургузуу деп айтып жүрүшөт. Лазер деген нерсе жок, ал электрокоагулятор хирургиялык аппараты. Бул ыкманын артыкчылыгы — канабайт, кемчилиги — ткандарды күйгүзүп жиберет. Ошондуктан, биз кайчы, скальпель менен жасалчу хирургиялык методду сунуштайбыз.

Балага жалпы наркоз берилеби же жергиликтүүбү? Ден соолугуна терс таасири тийбейби?

Наркоз берүү экиге бөлүнөт:

  1. Жергиликтүү наркоздо, бала эс-учунда болот, ткандары оорубаш үчүн новокаин, лидокаин сыяктуу оорутпай турган дарылар колдонулат.
  2. Жалпы наркоздо, бала толугу менен уктап калат, эч кандай ооруну сезбейт. Дем алуу жолу аркылуу берилүүчү “масочный” наркоз менен жасалат. Жалпы наркоз 5-10 мүнөткө берилет. Операция бүткөндөн кийин, бала дагы 10-15 мүнөт уктайт. Ойгонгондо дароо үйгө алып кете берсе болот.

Наркоз анестезиолог тарабынан, кыска убакытка, өзүнүн өлчөмү менен берилет. Бала үчүн зыян деп айтуу деле болбойт. Алгач анестезиолог баланы толук текшерүүгө жиберет. Жалпы наркозго каршы көрсөтмө жок болгон учурда гана жасалат. 

Мисалы, жүрөгүнө, борбордук нерв системасына каршы көрсөтмө болсо, бала жөтөл же башка вирустук оорулар менен ооруса жалпы наркоз жасалбайт. Бала толук сакайып кеткиче күтөт.

Учурда биз жергиликтүү наркоздон баш тартып, “масочный” наркозду эле колдонуп калганбыз. Себеби жергиликтүүдө сезгенүүлөр болууда. Ошондой эле, балдар хирургиясында “бала ооруну сезбеши керек» деген нерсе бар. “Масочный” наркоз ооруну сездирбейт.

Баланы кантип даярдоо керек?

Коркок балдарга айтпай деле койсо болот. “Масочный” наркоз менен жасалганда алар эмне болгонун билбей деле калат. “Мени качан отургузасың” деген психологиялык жактан даяр балдарга, чындыкты айта берсе болот.

Процедура канча убакытта жасалат? Канча сом турат?

Баланы отургузуунун баасы ар кандай. Мамлекеттик бейтапканаларда кошумча төлөмдөрдү кассага төлөшөт. Хирургдар мага мынча бересиң деп айтышпайт. Жеке клинкалардыкын айта албайм. Процедура орточо эсеп менен 10 мүнөткө созулат.

Канча күндө айыгат? 

Ар бир баланын жараты ар кандай убакытта бүтөт. Териси чочосунун башына жабышпагандардыкы тезирээк айыгат. Фимоз болгон же иммунитетти начар балдардыкы көп убакытка созулуп кетиши мүмкүн. Чоңдордун жараты орточо эсеп менен бир-эки жумада бүтүп калат.

Фимоз  — бул жыныс мүчөнүн учундагы теринин ичке болушу. Жыныс мүчонүн башын чыгарууга тоскоол болуп турат. 

Процедура жасалгандан кийин эмнелерге көңүл бөлүү керек? 

Баланы отургузгандан кийин, биринчи күнү жаткырыш керек, анткени канап кетиши мүмкүн. Экинчи, үчүнчү күнү акырындап басып жүрө берсе болот. Оорутса ооруну басаңдатуучу дары берүү сунушталат. Жарааты айыккыча левомеколь деген мазды сыйпап туруу зарыл. Үчүнчү күнү марганцовка менен жууп, карт түшкүчө зеленка тийгизип туруу керек.

Эч качан туздуу суу менен жуубаш керек, күйүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле синтетика, тыкыс турса кийгизбегиле.

Кандай учурда сөзсүз доктурга кайрылуу зарыл?

Кан акса болсо, шишиги көпкө чейин тарабаса дароо дарыгерге алып келүү керек. “Рубцовый фимоз” деп коют, бул баланын чочосунун башы ачылбай, кайра эт өсүп кетет. Бул учурда да бейтапканага алып баруу зарыл.

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Комуз эмнелерден турат? Тесттен өтүңүз

Комуз эмнелерден турат? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.