AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Суукта балдар менен кайда барам. Зомбулукка кабылган аялдардын баяны

Суукта балдар менен кайда барам. Зомбулукка кабылган аялдардын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Асель Суюнбаева, “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова жана “Сезим” кризистик борборунун юристи Ракия Рахматова барар жери жок зомбулукка чыдап жүргөн аялдардын суроолоруна жооп берди.

Кетпешимди билим “кет” дей берет

“Качан кетесиң?” Күйөөм ар дайым ушинтип мазактайт. Сөгөт, жаман сөздөрдү айтып көңүлүмдү оорутат, кээде кол көтөрөт. Үч балам менен кайда бармак элем деп баарына чыдайм. Бирок, акыркы күндөрү жашагым келбей кетет. Өлүп алайын дейм, бирок балдарымды ойлойм. Акча тапканы табат, бирок анысын минтип чыгарып алат.

Төркүнүмө бир күн батпайм

Төрт бала менен төркүнүмө бир дагы күн батпайм. Кайра башымды жерге салып, кызыл камчы күйөөмө барам. Туруп-туруп эле ачуусу кармап калат, анысын менден чыгарат. Балдарым дагы атасынан коркуп бүтүштү. Ушундан көрө кетип калайын дейм, бирок кайда барарымды билбейм. Унчукпай оозумду кытып жашап келем. Өзүмө ишенбейм, жадакалса балдарымды коргой албайм.

Кол көтөргөндөн дагы жаман сөздөрдү айтат

Качып кана кетким келет. Бирок, колумдагы балам кичинекей, жумушум жок. Турмушка чыкканга чейин өзүмө болгон баам сонун эле, азыр өзүмдү ушунчалык жек көрөм. Күйөөм күн сайын басынтат. Кол көтөрбөйт, бирок ошого эле барабар сөздөрдү айтат.

Адистер кеңеш берет

Асель Суюнбаева, психолог

Үй-бүлөлүк зомбулуктун төрт баскычы бар:

Биринчиси – чыңалуу.

Экинчиси — кол көтөрөт же ыйлаган абалга чейин жеткирет.

Үчүнчүсү — кооз сөздөрдү сүйлөп кечирим сурайт, экинчи кайталанбай турганын айтат, жалдырайт.

Төртүнчүсү — “Бал айы” деп аталат, жубайлар элдешишет, баалуу белектерди алып берет, жакшы сөздөрдү айтат.  

Эмне үчүн дагы бала төрөдү? Эмне үчүн кетип калбайт? Бул суроолорго жоопту үчүнчү жана төртүнчү этап берет. Аял бул эки этапка ишенип жүрө берет, мындайча айтканда, сөздөрүнө алданат, болду оңолот же акыркы жолкусу деп ойлойт. Балдар дал ушул акыркы эки этапта жаралат. Белгилүү убакка чейин жакшы жашашат, анан кайра эле баары башталат.

Зордук-зомбулуктун курмандыгы өздөрүнө ишенбеген, ар дайым чыңалуу абалында жүргөн, күнөөнү өздөрүнө ала берген адамдар болушат. Мунун баары каяктан келди дегенде, балалыктан пайда болушу мүмкүн. Ошол эле, “Эл эмне дейт”, “Аял киши үйдөгү тынчтыкты сакташы керек” ж.б. ушул сыяктуу стреотиптер дагы таасир берет.

Күйөөсүнөн таяк жеген сайын ачууланат, ызырынат, бирок булардын баарын күнөө сезими басып коет. Курмандыктар, “эч ким мага жардам бербейт”, “жардам алууга татыктуу эмесмин” деп ойлойт. Кээде ачык турган эшиктерди көрбөй калышы дагы мүмкүн.

Курмандык башында абалды өзгөртүүгө аракет жасайт. Бирок, кетсе ата-энеси же күйөөсү кайра алып келип коет. Анан бара-бара колун таштап, эч нерсеге умтулбай калат, тагдырына моюн сунуп берет. Ошол эле учурда кетип калайын дейт, бирок билими, жумушу жок, өз алдынча жашоодон, жоопкерчиликти алуудан коркушат. Анткени алар экономикалык жактан күйөөсүнө көз каранды болот.

Жашоону өзгөртсө болот, мүмкүнчүлүктөр толтура! Ооба, башында кыйын болот, аны четке кага албайбыз. Бирок, акыр-аягы жашоосу жүз градуска өзгөрөт. Болгону коркпош керек!

 “Мен сенден кетем” деп айтуу чыгуу жолу эмес. Анткени, бул учурда агрессор аябай ачууланып, өзүн кармай албай калышы мүмкүн. Алгач, жакшылап план түзүү керек. Анан үйдөгү абал тынч болуп турганда кетиш керек. Бул өзүн сактап калуунун мыкты жолу. Бара турган жерим жок деп эч кабатыр болунун кереги жок. Учурда кризистик борборлор бар, алар сөзсүз кабыл алат. Андан кийин психолог, юрист, дарыгерлер менен тыгыз иштешүү керек. Балдардын келечегин ойлоп, жашоосунун ар бир аспектин анализдеп чыгуу зарыл.

Ракия Рахматова, “Сезим” кризистик борборунун юристи

— Бара турган жерим жок деп зордук-зомбулукка чыдап отура берген болбойт. Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңар, “Сезим” кризистик борборуна же башка деле борборлого кайрылсаңар болот. Биздин борбордон акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бара турган жери жоктор борбордун шелтерине жайгаштырылат. Шелтер аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайлашкан. Ал жерден укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана  социалдык жардамдарды алышат. Ошондой эле, кесиптик билим алууга, жумушка орношууга балдарды бала бакчага берүүгө көмөк көрсөтүлөт. Ыкчам байланыш телефонубуз күнү-түнү иштейт: (312) 51 26 40.

“Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова

Зордук-зомбулукка кабылганда 111 кызматына сөзсүз чалыңыз, чалуу акысыз. Биз дароо жардам берүүгө бардык аракетибизди жумшап, тиешелүү органдар менен чогуу иш алып барабыз. Зордук зомбулуктун курмандыгы менен тыгыз иш алып барып, колубуздан келген жардамды аябайбыз. Тийиштүү мекемелерге кайрылып, иштин жыйынтыгын сурап, кризистик борборлорго багыттап, адистердин телефон номерлерин берип, кайда кайрылуу керек экенин сунуштайбыз.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Он бир жаштагы балама күйөөгө тийип жатам десем

Он бир жаштагы балама күйөөгө тийип жатам десем, жообу таң калтырды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.