AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Суукка чыгардан мурун курсакты кампайтыңыз. Ызгаардан сактануу эрежелери

Суукка чыгардан мурун курсакты кампайтыңыз. Ызгаардан сактануу эрежелери

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү
11-январдан тарта Кыргызстанда аномалдык суук болушу күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, каар жаап, жолдордо муз тоңот. Буга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан сактануу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл экендигин эскертет:
СУУКТАН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ:
  • Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл.
  • Мындан сырткары суукка чыгардан мурун жакшылап тоюп алуу керек. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат.
  • Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Ошондуктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуу сунушталат.
  • Абанын температурасы -15 градустан төмөндөгөн учурда үшүк алдыруудан сактануу үчүн денеңизге кам көрүңүз. Дарыканалардан, дүкөндөрдөн бальзам, мазь, крем ж.б. коргоочу косметикаларды сатып алсаңыз болот.
  • Ошондой эле жылуу кийинуу, нымга туруктуу кийимдерди колдонуу сыяктуу коргонуунун элементардык эрежелеринсактоону унутпаңыз.
ҮШҮК АЛУУДАГЫ БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Дененин үшүк алганда адамдын денесинин үшүк алган бөлүктөрүнүн сезгичтиги жоголот жана ачышуу, сайгылашуу сезимдери пайда болот.
Үшүктүн 3 даражасы бар:
  • биринчиси – үшүк алган тери кубарып кетет;
  • экинчиси – денеде ыйлаакчалар пайда болот;
  • үчүнчүсү – дененин үшүк алган бөлүгүнүн көгөрүүсү.
Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер пайда болгон учурда үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз. Ал эми биринчи даражадагы үшүк белгилери байкалса жылуу бөлмөгө кирип, үшүк алган жерлерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат.
 
Үшүк алган колду же бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасы +20 градустан улам жогорулатуу аркылуу +40 градуска чейин жеткирүү зарыл.
 
Мындай процесс 40 мүнөткө созулуп, үшүк алган дене бөлүктөрүн жай укалоо керек. Андан кийин чай же башка жылуу суусундук ичсеңиз болот. Мындан сырткары организмиңиздин жалпы абалына байкоо жүргүзгөндү унутпаңыз. Анткени үшүк алуунун экинчи жана үчүнчү даражасынын белгилеринин пайда болуу ыктымалдуулугу бар.
ҮШҮК АЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛБОО КЕРЕК?
Адамдардын көпчүлүгү теринин үшүк алган жерлерин сүртүү жардам берет деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Анткени сууктан улам кан тамырлар морт болуп, сүртүү учурунда аларга зыян келүүсү мүмкүн. Натыйжада пайда болгон чакан көк-алалар аркылуу организмге инфекция кириши мүмкүн. Ошондой эле үшүк алган бутту тез жылытууга болбойт – бул жабыркаган ткандардын калыбына келүү процессин начарлатат.
Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Кайын-журтума баргандан кийин кыйын боло баштадым

Кайын-журтума баргандан кийин кыйын боло баштадым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.