AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүйүүңөр балаңарга өтүп кетпесин десеңер

Сүйүүңөр балаңарга өтүп кетпесин десеңер, бул 8 кадамды жасагыла

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Түгөйлөр балалуу болгондон кийин бир кездеги романтикалык мамилелерин унутуп, ата-эне ролуна баш-оту менен кирип кетишет. Мындай кылган болбойт! Анткени, ортоңордогу мамилеге көңүл бурбай жүрө берсеңер, балдарыңар чоңойюп кеткенден кийин, эмне жөнүндө сүйлөшүштү билбей, эки бейтааныш адамга айланасыңар. 
⠀
Албетте, балалуу болуу үй-бүлөңөргө олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизет. Монотондуу кайталанма күндөр мамилеңерге жарака кетирбеш үчүн, күндөлүк режимге өзүңөрдү дагы киргизишиңер керек. Ал үчүн үйдө отура бербей, көчөгө чыгып, «свидания» кылып турушуңар керек. Баса, анан «свиданияга» балдарды алып албагыла, экөөңдөн башка эч ким болбосун. Ал эми бул адаттын пайдалуу 8 себебин төмөндөн окуңуз. 

Баса, бул жаш куракка карабастан, бардык ата-энеге тиешелүү!

Балдарды бир азга болсо дагы унутасыңар

Бул биринчи плюс. Эч ким силерге тийишпейт, тоскоолдук кылбайт, «чычам», «ичем» дебейт, экөөң гана болосуңар. «Бала уктагандан кийин деле үйдө сүйлөшүп отурса болот» деген кыйындар чыгышы мүмкүн. Ооба, антсе деле болот. Бирок кеп атмосферада болуп жатпайбы, анын үстүнө бала уктагандан кийин экөөң деле чарчап, уйкусурап каласыңар. Анын үстүнө уктап жаткан балаңызды эшиктен ит үрүп ойготуп жибериши мүмкүн. 

Экөөң жалгыз болосуңар

Бул жогорудагы пунктка окшош. Бирок бул жерде экөөң сезимдериңерди ачык айтып, сүйүүңөрдү билдирип, жай отуруп, кечеден ырахат алаласыңар. Кучакташып, өбүшүп жатсаңар чуркап кирип келе калган же ыйлап баштаган балдарыңар болбойт. Убактылуу болсо дагы, ата-эне ролунан чыгып, бир кездеги кыз-жигитке айланасыңар.

Энергия аласыңар

Коендой окшош күндөрдөн, жалаяк, ботколордон алыстап, энергия аласыңар. Кечеден чыгып алып, бир аз сейилдеп, таза абадан жутуп күч топтойсуңар. Ал эми үйдө отурсаңар баягы эле көрүнүш, баягы эле дубалдар дегендей.

Сүйүү

Бул адат бири-бириңерди жакындатат. Мисалы, кайда барабыз деп чогуу кафе же ресторан тандайсыңар, же кинотеатрдан кайсы кинону көрөбүз деп бир отуруп чечим чыгарасыңар. Бул майда нерселер ортоңордогу мамилени жакындатып, бири-бириңерге болгон камкордукту күчөтөт.  

Ачык сүйлөшөсүңөр

Көптөн бери айта албай жүргөн сырларыңарды ачык айтасыңар. Жай отуруп сүйлөшөсүңөр. Келечекке план түзөсүңөр. Кыскасы, бири-бириңерге ачыласыңар. 

Тамак ичип бүткөндөн кийин столду жыйнабайсыңар

Албетте, ушул үчүн дагы көчөгө чыгып, «свидания» кылып келсе болот. Ичип, жеп бүткөндөн кийин кайфтын баарын өлтүрүп кир идиштерди жууп, стол тазалабайсыңар. Ай, бул сонун да! 

Балаңарды сагынганга жетишесиңер

Үйдө отура берсеңер, балаңарга ачууңар гана келе бериши мүмкүн. Ал эми бир-эки саатты ал жок өткөрсөңөр, кадимкидей аны сагынып, үйгө келгенден кийин ата-энелик ролуңарга мурдагыга караганда мээримге толуп киресиңер. 

Балаңарга үлгү болосуңар

Башында балаңарды таштап кетип жаткандай сезилип, өзүңөрдү күнөөлүү сезишиңер мүмкүн. Бирок, силер ага үлгү берип жатасыңар. Ата-эненин бири-бирине болгон сүйүүсүн, өздөрү үчүн убакыт бөлүүсүн көрүп чоңойгон бала башкача болот. Андыктан, коркпогула. 

Бактылуу ата-эне, бактылуу бала!

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Коркуу пайдасыз

Коркуу пайдасыз, алып туруп жасап салгыла! Кореядагы Айдар Сатаровдон кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.