AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүйүү жөнүндө жөнөкөй окуя. Бирок ар бир адамды эсине келтирет

Сүйүү жөнүндө жөнөкөй окуя. Бирок ар бир адамды эсине келтирет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ольга Савельева – популярдуу блогер, жана бир нече китептин автору. Анын аңгемелери окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.  Анткени олутту темаларды көтөрүп чыгат, бирок түшүнүктүү жана жөнөкөй баяндап берет.

Биз Bilesinbi.kg‘де ойго сала турган окуяларды жакшы көрөбүз. Маанилүу нерселерге көңүл буруп жашоого үйрөтөт деген ниеттебиз. 

Бир күн кечке эртең мененки сүйлөшүү башыман чыкпай койду.

— Ольга, саламатсызбы. Сиз буюртма менен текст жазат турбайсызбы. Ыр да жазасызбы?

— Кутман таң, ооба.

— Мага эпитафия керек эле. Сиз эпитафия жазасызбы?

— Эпитафия? Бул күмбөзгө жазыла турган жазуубу? Жок жазбайм. Тагыраак айтсам, эч качан жазып көргөн эмесмин. Себеби буга чейин эч ким буюртма берген эмес. Такыр тажрыйбам жок.

— Менин жолдошум каза болду эле. Мен анын эстелигине ыр саптарын жаздырсамбы деп жаткам, тилекке каршы өзүм ыр жазбайм. Кечиресиз, жок, болсо жок.

Күйөөм экөөбүз машинеде кетип баратканбыз. Ага керектүү болт, накладка, резина алып келип бербегени үчүн бирөө менен телефондон урушуп жатыптыр. Бүгүн машинени бир сыйра оңдомуш болоюн деп пландаштырып жатты эле.

Мен өзүмө келе албай бараттым.

Эмне үчүн жашоо ушунчалык өйдө-төмөн? Мына мен, алты саны аман күйөөм менен машинеде баратам, ал күнүмдүк тиричилик менен алек, мен ала турган азык-түлүктүн тизмесин жазып жатам. А кайсыдыр бир жерде, жалгыз калган аял күйөөсүнүн күмбөзүнө жаздыра турган ыры менен убара.

Чечимди кабыл ала турган болсом, ишке ашыргыча шашылам.

— Мен аракет кылып көрсөм болобу? – деп жаздым. Эпитафиянычы. Биротоло жаза алат бекем же жокпу билип алам. Сиз күйөөңүзгө айта турган ойлоруңузду жазып жибериңиз. А мен аларды ырга түшүргөнгө аракет кылам.

Айым көркөмдүү текст жөнөттү. Бул саптарга көп убакыт короткону байкалып турду. Анда кайгысы, жоготуусу, алсырап турганы сезилет. Көзүмө жаш тегеренип, жан дүйнөм аңтарылды. Ушул жаркырап тийип турган күн дагы жанагы айымга чыккынчылык кылып жаткандай.

Жанында сүйүктүүсү жок болсо, анын эмне кереги бар, туурабы?

Окуп жатып да, жазып жатып да жүрөгүм ооруду.

Бирок ойлорум текши агып, саптарым бир ыргакка келип, дароо жазылды.

Мага сүйүү тууралуу ыр саптарды жазып бер деп көп эле кайрылышат. Адатта сезимин билдирүү, туулган күнү менен куттуктоо, кечирим суроо үчүн. Ойлоп көрсөм эпитафия да сүйүү тууралуу ыр экен. Бирок абдан кыска, жана эч качан окулбай турган адам үчүн жазылат. А балким окуйт, биз аны эч качан биле албайбыз.

Ыр саптарын жөнөттүм.

— Жүрөк кылдарын козгогудай болуптур, — деп жазды. – Мен сизге канча беришим керек?

— Эч канча.

— Мен анте албайм.

— Өзүңүзгө башкалардын жардамын алууга уруксат бериңиз, — деп жооп бердим.

Ушул эле сөздү кечээ курбум мага айтты эле. Бир нерсе сатып алайын деп жатсам, тыйыным жетпей калды. Курбум мен аны сага белек кылам, десе: жок мен анте албайм, -деп жооп бергем.

Анда ал: жөн гана кабыл алып койчу. Кабыл алууну үйрөн. Башкалардын жардамын кабыл алуу – бул алсыздык эмес. Бул ыраазы болуу. Болгону ар кандай учурда, ар кимдин, ар башка мүмкүнчүлүктөрү болот – деди.

Бир кырдаал экинчисине окшобойт, бирок бир эле сөз экөөнө тең төп келип калды. Таңкалыштуу.

— Эмнени ойлонуп баратасың? Кабагың бүркөө…

— Чынын айтайынбы? Өлүм жөнүндө.

— Өлүм жөнүндө??? Эмне, катуу айдап жатамынбы? Жакшы эле го. Экөөбүз бул жөнүндө сүйлөшпөдүк беле…

Бир жолу күйөөм мени маңдайына отургузуп алып, эгер мен бир кырсыкка туш болуп калсам (авария, оору), анан интеллект сакталбайт бирок жашайт же өлүм экөөнүн ортосунда тандаш керек болсо, мен өлүмдү тандайм. Эгер менин органдарым башка адамды сактап калууга жараса, анда мен жөн гана сөлөкөт болуп жашагым келбейт. Мен эч ким үчүн жүк болууну каалабайм.

Мен сөздөн качып, бул теманы талкулоого каршылык көрсөтүп жаттым. Ал болбой эле аягына чейин угушумду талап кылды. “Түшүндүңбү? Мени түшүндүңбү?”, деп улам сурап коет. Жалпысынан алганда, мен анын пикирине кошулам. Бирок бул тууралуу сүйлөшүү, мен үчүн оор болду.

— Миша, мен ал жөнүндө ойлонгон жокмун, — деп башымды чайкадым. Мен жаңы эле бир айымга эпитафия жазып бердим. Элестет?

— Эпитафия эстеликке жазыла турган жазуубу?

— Ооба.

— Жаздыңбы анан?

— Жаздым окшойт.

— А эмнеге дагы деле ойлонуп жатасың?

— Анткени… Анткени мен ар дайым сүйүү бул өмүр деп ойлочумун. Азыр эми өлүмдө да сүйүү болушу мүмкүн экенин түшүндүм. Кызыктай абалда болдуп турам.

Сезимиңди билдирүү, куттуктоо, кечирим суроо – эч качан кеч эмес. Бизди калтырып кеткендер алыска кетпейт, деп ишенгим келет. Балким алар башка мейкиндиктерде жүрүшөт, балким үстүбүздөн карап, жаныбызда эле болушат. Биздин кечирим сурообузду, куттуктообузду, ачкан сырыбызды угушат.

Аларды жоктоп кыйналып турганда да колдоп, түшүбүзгө кирип, ар кандай белгилер, адамдар, окуялар аркылуу жардам беришет, куткарышат, боштукту толтурушат.

Ошондуктан кабыл алганды үйрөнүш керек экен.

Жашоо кандай болсо ошондой.

Анын белектери, ар дайым улана берет, каалайбызбы, каалабайбызбы.

Кечки тамакка эмнелерди алышым керек эле?

 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Коронавирусту күчөтүп жибербөө үчүн 6 негизги кадам. Кыскача инструкция

Коронавирусту күчөтүп жибербөө үчүн 6 негизги кадам. Кыскача инструкция

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.