AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүйүү үч жыл жашайбы?

Сүйүү үч жыл жашайбы?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жакшы көргөн адамдарыңыздын жашоосун бузгуңуз келбесе, кээде «акылдуу» кеңештерди ичте катып койгон жакшы. Башкаларды эмне бактылуу кылаарын сиз кайдан билмек элеңиз? Жагдайга болгон сиздин көз карашыңыз, эмне себептен баарынан туура деп ойлойсуз? Канча адам болсо, ошончо жол болот, башка адамдардын мамилелери — чытырман токой. Бул макалада биз жаңы үйлөнгөн жубайларга берилчү  популярдуу пикирлерди жокко чыгарабыз. Буга чейин сиздерди кантип алдап келишкенин билүүгө даярсызбы?

Жалган экени далилделген мамилелер жөнүндөгү 5  «акылдуу» кеңештер:

  1. Чындап сүйгөн болсоңуз – курмандыкка барыңыз

Бир жагынан алганда, сүйүүдө өзүмчүлдүктүн белгилүү бир суммасынан баш тартуу зарыл, болбосо экөө тил табыша албай калат. Бири-биринин каалоолорун канааттандырууга аракет кылып, компромисс издөө — күчтүү никенин негизи. Башка жагынан алып караганда, көптөгөн адамдар кыйылып берүү эки тараптуу болуш керек экендигин унутуп калышат. Эгер кимдир бирөө дайыма эле курмандыкка бара берсе, экинчиси уялбастан аны колдонсо, мындай мамиленин — эмне кереги бар? Анан бир өнөктөш экинчисине кызмат кылган  үй-бүлө жаралат. Эсиңиздерде болсун, өздүк эркиндикти жана бакытты курмандыкка чалуу-бул келесоолук! Муктаждыктарыңызга дайыма чек койгон, тынчсыздануу жана чыккынчылык жашоодо жашаган-бул кандай сүйүү? Баары чеги менен, эки тараптуу болгон жакшы.

  1. Баардык жагынан жакшы болууга аракет кылуу

Албетте, үй-бүлө кургандан кийин колду шилтеп коюп, алсыздыкка алдырып койгон болбойт. Болбосо жубайларда бири-биринен жактырган сапаттары жок калат. Өнөктөштөр жагымдуулугун сактап, өсүп жана өнүгүшү керек. Болгону муну илээшчек идеяга айлантып жиберүүнүн кереги жок! Адам ар дайым баардыгына  100%  жетишип жүргөн робот боло албайт. Баарыбыздын алсыздыктарыбыз бар жана дал ошолор бизди тирүү жана уникалдуу кылат. Эгер бири-бириңерди тандап алган болсоңор, анда масканы алып,  чыныгы жүздү көрсөтүүгө убакыт келди. Акылдуу жана сулууну  сүйүү кыйын эмес, бирок кемчилиги бар адам менен жашоого даярсызбы? Ачык болуңуз, башка адамдардын ролун ойнобоңуз. Ошондо гана кандай болсоңуз, ошондой  кабыл алган бирөөнү таба аласыз.

  1. Өнөктөшүңүздү кичине кызгантып коюп туруңуз

Жыныстык чагым-кумарланууну кайрадан калыбына келтирет деген ишеним, өнөктөштөрдүн кем акылдыгын  же өзүн-өзү сыйлоо сезими жок экенин көрсөтүп турат. Бул жөнүндө жакшылап ойлонуп көрсөңүз, кандайча чет тараптагы флирт үй-бүлөнү сактап калсын? Өнөктөштү таарынтып, өздүк ишенимине шек келтирүү менен мамилени бекемдесе болот деген сокур ишеним кайдан келди? Көп учурда мунун баары тескери болот — ишеним жоголот, кабатырлануу көбөйөт, стресс, нааразычылык топтолот. Жаныңдагы адам сени башка бирөө менен алмаштырбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эгерде сизге мамиледе бир нерсе жакпаса, аны ачык айтууну үйрөнүңүз.

  1. Чындыктын баарын айтуунун кереги жок

Бул кеңешти көп учурда он жылдан бери  чогуу жашаган, сыртынан  бактылуу сезилген үй-бүлөлөр берет. Алар  жаш жубайларга үйдөгү маанайды бузуп албаш үчүн, сырларды сактоону сунуштайт. Аялыңыз толуп кеттиби? Анын маанайын түшүрүп алгандан көрө, унчукпай эле койгон жакшы. Күйөөсү жаңы кызматкер менен ойнош болуп алдыбы? Убакыт өтүп, кайра эле  үй-бүлөгө кайтып келет. «Маселени чечүү  зарыл деле эмес» деген үй-бүлөлөр-өнөктөшүнө болгон ишенимдин, сүйүүнүн жоктугун көрсөтүп турат. Сиздер бири-бириңиздер тууралуу баарын билишиңер керек — өтмүш, ушул учур, кетирилген каталар жана алсыздыктар, жашоо пландары, чыныгы баалуулуктар. Өмүр бою бирге жашай тургандан кийин, чыныгы муктаждыктарды жашыруу — акылсыздык. Чындык оор болот, бирок ал жакындатып, мамилени бекем кылат.

  1. Сүйүү өтөөрүн кабыл алыңыз

Чыныгы сүйүү бар,  жакшы көрбөгөн адам гана болушу мүмкүн экенин четке кагат. Сүйүүнүн тереңинде окшош көз караштар, өнөктөшүн ар кандай алсыздыктар менен кабыл алуу, бирге болууга умтулуу жатат.  Жөн гана агым менен өтүп кете бербестен, күн сайын бири-бириңиздерди жаңы нуктан билүүгө аракет кылыңыздар, кризис учурунда өнөктөшүңүздү колдоп, мамилени өркүндөтүп, романтиканы киргизиңиз. Дал ушул нерселер гана ортодогу  мамилени бекемдеп, чыныгы сүйүүнү пайда кылат.

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 4-бөлүм

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 4-бөлүм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.