Саламатсызбы. Кеңеш сурайын дедим эле. Менин жашым 22де, сүйлөшкөн кызым бар. Албетте бардыгы идеалдуу эмес, ортобузда түшүнбөстүктөр болуп көп урушуп кетебиз, бирок кайра бат эле табышып, жарашып алабыз.
Экөөбүздүн мүнөздөрүбүз эки башка, ал мени болбогон нерселерден эле кызгана берет, а мен кызганып жатканымды байкатпайм, ичип от болуп өрттөнүп жатса да олутту болгонго аракет кылам. Себеби менден шек санап жатабы, — деп өзүн-өзү жемелеп жүрбөсүн дейм. Жоготуп алуудан корком.
Кыз үйдүн кичүүсү, ошол себептүү өтө эрке, таарынчаак, айтканынан кайтпайт. Мен бардыгын түшүнүү менен кабыл алам. Ошого карабай чыртылдаша кетебиз.
Орозо бүткөндөн кийин ата-энелерибиз менен таанышып, күзгө жакын үйлөнөлү деп жатканбыз. Бирок кыздын үйүнө жуучу келип жатыптыр. Кыз ата-энесине жигитим бар дегенден тартынып, алардын көңүлүн оорутуп албайын деп, куда түшүп келген жигит менен сүйлөшүп көрөйүн, деп коюптур.
Мен кызганып, экөөбүз катуу уруша кеттик. Эмне кылышымды билбей турам. Кеңеш бериңизчи?







