Саламатсызбы. Мен эки жыл бир кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Үйдөгүлөрдү жөнөтсөм, кыздын ата-энеси болбой коюшту. Кыз болсо, ата-энем айтканын кылам дейт.
Эми, ата-энеси тапкан адамга турмушка чыкканы жатат. “Эмнеге макул болдуң?”, — деп сурасам, “башка айлам жок”, -дейт.
А мен бул жакта жашоонун адилетсиздигине чыдабай, өзүмдү бир нерсе кылып койчудай болуп жатам. Ушул ойдон кантип кутулам? Күндөн-күнгө жаман болуп баратам.







