AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүйгөнүмдүн жигити бар

Сүйгөнүмдүн жигити бар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жашоодогу түрдүү кырдаалга жараша ар тараптуу көйгөйлөр пайда болот. Кимдир бирөө өзүнө жакпаган мүнөзүн өзгөртүүнү каалап, айрымдары сүйүктүүсүнөн кечирим сурай албай “эмне кылсам болот” деген суроосун узатат. Бул ирээт BILESINBI.KG дарегине келген мына ушундай түйүндүү суроолорго психолог Каныша Кожогелдиева жооп берди.

“СҮЙҮҮМДҮ БИЛДИРЕЙИН ДЕСЕМ ЖИГИТИ БАР”

  • Мен 18 жаштамын, бир кызды абдан сүйөм. Ал жок жашоо жоктой сезилет. Чыныгы сүйүү эми келди окшойт. Ал кызга сүйүүмдү билдирейин десем жигити бар экен. Бирок ал кыздын менде көңүлү бардай сезилет, өзгөчө мамиле кылат. Эмне кылсам болот?

Сиз жактырган кыздын жигити бар экенине карабай “сүйөм” деп жатканыңызга караганда сиздеги махабат сезими чыныгы жана таза өңдөнөт. Негизинен бийик сезимдер айтылган сөздө гана эмес кыймыл-аркетте дагы болуусу абзел. Ар бир кыргыз жигитине ачык-айрымдык мүнөздүү эмеспи, андыктан ачык айтуу менен бирге мамиле аркылуу аракет кылып көрүңүз. Бул жерде кыздын тандоосу башкы нерсе.

“КЕЧИРИМ СУРАП УБАРА БОЛБО, СЕНДЕН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ…”

  • Мен 20 жаштамын, сүйгөн кызым менен мамиле түзгөнүмө бир жыл болду. Бир жолу урушканыбызда жиним менен сөгүп салгам. Эки күн өткөндөн кийин кечирим сурасам “Кечирим сурап убара болбо. Сенден көңүлүм калды. Болду токтотолу”-деди. Кандай аракет кылсам кайрадан сүйлөшүп кете алабыз?

Жактырган адамды сөгүп салуу эмоцияны башкара албагандыктын бирден бир белгиси боло алат. Эмоцияны башкара билүүнү өздөштүрүңүз. Мамиленин гүлдөп өнүгүшүнө эки тарап тең аракет жумшоосу керек. Бирок сиз мырзалык кылып сүйүктүүңүздөн дагы кечирим сурап көрүңүз. Эгер чын дилден кечирим сурасаңыз дагы кечирбесе сиз сүйгөн адам сизден кутулуунун жолун таппай, шылтоо издеп жүргөн десек дагы болот.

“МЕН ЖИГИТИМДИ ЖАКТЫРБАЙМ, БИРОК…”

  • Мен сүйлөшкөн жигитимди жактырбайм, бирок андан алыстай албайм дагы. Кандай кылсам болот?

Индивидде дайыма бирөөгө болгон тиешелүү сезим болуп турат жана ал сезим дайыма канаттанып туруусу керек. Демек сиз анча-мынча болсо да сезимди ошол жигит аркылуу канаттандырасыз. Жигиттин оордун ээлей турган башка адам жок болгондуктан бул жигитке байланып турасыз. Эгер жигитиңиздин оордуна башка бирөө пайда болсо сезимди ал жигиттен канаттандырып калышыңыз мүмкүн.

Урматтуу достор эгер сиздерде дагы көйгөйлүү суроолор пайда болсо биздин www.bilesinbi.kg сайтына жана 0704 004 608 whatsapp, telegram номерибизге суроолорду узатсаңыздар болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Дүүлүгө берем

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.