AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүйгөн кызымдын боюнда бар экен – эмне кылайын?

Сүйгөн кызымдын боюнда бар экен – эмне кылайын?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Жакында ата болосуң» — бул сөз ар бир эркекти ойго салат. Кызыңыз боюнда бар экенин айтса эмне кылуу керек? Бүгүн биз ушул тууралуу сүйлөшөбүз.

Балалуу болууга даяр эмес болсоңуз — коргонуңуз!

Жыныстык катнаш менен жашап баштагандан кийин, экөөңүздөр тең кандайдыр бир жоопкерчиликти алып жатканыңыздарды түшүнүңүздөр. Бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу (презерватив) маалымат алып, аларды колдонгула.

Балалуу болууга даяр эмес болсоңуз — коргонуңуз. Сүйлөшкөн кызыңыз кош бойлуу болуп калган болсо, балага ата керек экенин түшүнүп, кабыл алуу маанилүү. Ал эми бул жоопкерчиликтен качып кутула албайсың дегенди билдирет.

Демек, ата болооруң тууралуу укканда дурбөлөңгө түшпө. Коркунучтуу экени, алыска качып кеткиң келгени түшүнүктүү. Бирок, андай болбойт. Балага карата атанын укуктары жана милдеттери энесиникиндей эле болуп саналат.

Бала экөөңдүкү!

Кызың жөнүндө ойлон. Жыныстык катнаштан чогуу ырахат алгансыңар. Ошол эле убакта коргонуу каражаттарын четке коюп койгонсуңар. Балким, унутуп калдыңар. Канткен күндө да, баарын бирге жасадыңар. Ошондуктан, бала экөөңдүкү. 

Албетте, баарын кызга шылтап койсо болот. Кээ бир жигиттер “ал кош бойлуу болот, коргонуу каражаттары тууралуу өзү кам көрүшү керек” деп ойлошот. Бул коркок, алсыз, өз баласына чыкканчылык кылууга даяр адамдын көз карашы.

Сенин тандоо дайыма сеники болот. Эгер артка качып, болочок үй-бүлөңдү таштоону кааласаң, эртеби-кечби бул иш-аракетиң үчүн өкүнөсүң, ошол учурда баары кеч болуп калат.

Күчтүү эркектер өз балдарын эч качан таштабайт!

Күчтүү эркектер өз балдарын эч качан таштабайт. Бала жана ата — убакыттын өтүшү менен бекемделе берчү мамиле. Бул дүйнөнү башка көз караш менен кароого жардам берген өзгөчө кубаныч. Ошондой эле жоопкерчилик. Өзүңдүн кызың же уулуң үчүн — күчтүү, акылдуу, дүйнөдөгү эң мыкты атасың. Сени ушунчалык бирөө жакшы көрөөрүн билүү кандай гана сонун.

Бул абалдан бир гана жол менен чыкса болот:

  1. Тынчтаныңыз;
  2. Кызыңызды колдоңуз;
  3. Бирге ата-энеңиздерге айтыңыздар;
  4. Балаңарды күткүлө.

Жакында ата болосуң. Эртеби-кечпи ар бир эркектин башына келчү иш. Болгону сени менен бул эртерээк болуп калды. Бул татаал жана олуттуу экенине карабастан, өтө кызыктуу нерсе.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул тиркемени жүктөсөңүз

Бул тиркемени жүктөсөңүз, белекке интернет берилет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.