AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүй

Сүй, изден, чыда: кесип тандоого жардам берген кеңештер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү
Мектепти бүтөрүңө аз калды, бирок дагы деле кесип тандай элексиңби? Ата-энең, досторуң сунуштаган варинаттар жакпай жатабы? Эл аралык Ала-Тоо университетинин мугалими, илимдер кандидаты Рустам Умаров кесип тандоо боюнча кеңеш берет.

Өзүңдү таанып бил

Өзүңүздү-өзүңүз таанып билиңиз. Жөндөмүңүзгө жана мүмкүнчүлүгүңүзгө баа бериңиз. Эгерде так илимдерге кызыксаңыз ошол багыттагы кесиптердин тизмесин түзүп чыгыңыз. Гуманитардык чөйрөдө өнүгүүнү кааласаңыз, айтылуу тармактагы адистиктерди санаңыз. Жыйынтыгында баарын анализдеңиз. Жакшылап ойлонуп бир чечимге келиңиз. 

Иш жүзүндө байкап көр

«Мен эмнени жактырганымды билбейм» деген суроо пайда болушу мүмкүн. Бул таң калыштуу деле эмес. Анткени, баарыбыз эле иш жүзүндө байкап көрмөйүн жагабы же жокпу так айта албайбыз. Сиздики же сиздики эмеспи түшүнүүнүн эң оңой жолу — ошол кесиптик чөйрөгө аралашуу жана кесип ээлери менен баарлашуу. Профориентациялык тесттерден өтүп (интернетте бар), университеттердин семинарларына, ачык эшик күндөрүнө барып катышыңыз. 

Кыйынчылыктарга даяр бол

Баары дароо боло калбайт. Кыялдар орундалышы үчүн аракет кылып, талыкпай эмгектенүү зарыл. Мыкты кесип ээси болуу үчүн, адегенде профессионалдык жактан өсүшүңүз керек. Издениңиз, билим алыңыз, кыйынчылыктардан коркпоңуз. 

Ата-энең менен сүйлөш

Ата-энеңиз сиздин өзүңүз билбеген тараптарыңызды байкашы мүмкүн. Андыктан, экөөңөр эки башка кесипти каалап жатсаңыз дагы, алардын кеңештерине кулак салыңыз. Бирок, чечим чыгарууда жүрөгүңүздү угуңуз, анткени ал жерде апаңыз же атаңыз эмес, сиз иштейсиз. Ата-энелер эмнеге каршы болот, анткени алар тандаган кесибиңизге ишенбей жаткан болушу мүмкүн. Эгер ушундай көйгөйгө туш болсоңуз, аларга ал кесипти эмне үчүн тандаңыз жакшылап түшүндүрүңүз. 

Жүрөгүңдү ук

Кесип тандап жатканда көбү эмгек маянасына, актуалдуулугуна карашат. Ооба, бул туура, бирок бир нерсени айтып коюу керек. Жакшы көрбөгөн, таң эрте туруп сүйүнүп жөнөбөгөн жумушта иштөө кыйын. Акчасы жакшы болгон күндө дагы, жүрөгүң башка кесипти каалап турса, ал жерде көпкө кармала албайсың. Андыктан, бирөөлөрдү эмес, жүрөгүңүздү угуңуз. 

 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Баланы “капкарам”

Баланы “капкарам”, “чоң мурунум”, “сарышкам” деп эркелетпеш керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.