AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Суицид тууралуу ойлору бар балага кантип жардам берүү керек? Психологдон кеңеш

Суицид тууралуу ойлору бар балага кантип жардам берүү керек? Психологдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бул ирет Bilesinbi.kg түз эфирге психолог Айгүл Аликанованы чакырып,  “Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна алып келүүчү факторлор” деген темада баарлашты. Төмөндөн психологдун өспүрүмдөрдү тарбиялап жаткан ата-энелерге берген кеңештерин окуй аласыз. Ал эми эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

Ачык сүйлөшүңүз

“Калп эле бир нерсени ойлоп таба бербечи!”, “Башымды оорутпачы!”, “Кайдагыны баштабай жөн отурчу!” ж. б. ушул сыяктуу фразаларды айтып кереги жок. Тескерисинче, абалды ого бетер курчутасыз. Анын ордуна, жай отуруп, балаңыз менен сезимдери тууралуу ачык сүйлөшүңүз. Суицид тууралуу ойлору барбы же жокпу билиңиз. Ичинде эмне болуп жатканын ачык жана чын айтууга мүмкүнчүлүк бере турган жагдай түзүү менен анын куткаруучусу болуп калышыңыз мүмкүн.

Туура учурду тандаңыз

Адам суицидке дароо эле бара койбойт. Бул кадамды жасаганга чейин көп убакыт ойлонуп жүргөн болот. Андыктан, ар бир ата-эне баамчыл болушу кажет. Көбүнчө балдар чүнчүп, жакындарынан алыстап, жашырына баштайт. Бул нерсени байкаганда дароо баланы урушуп жатып калбаңыз. Туура учурду, жай жагдайды тандаңыз. Ооба, ачууланып, эмне кылышты билбей калышыңыз мүмкүн. Бирок, өзүңүздү кармаңыз, эмоцияларыңызды башкарыңыз. Балаңызга акырын гана аны менен талкуулагыңыз келген суроолор бар экенин айтыңыз.

Айткандарын оюнчук катары кабыл албаңыз

Өспүрүмдөр абдан сезимтал болушат. Алар ар бир айтылган сөзгө, майда-барат нерселерге чейин маани беришет. Сиз жөн эле идишти сындырганы үчүн урушуп койсоңуз, ал аны чоң трагедия катары кабыл алышы мүмкүн. Андыктан, бир нерсе айтарда жакшылап ойлонуңуз.  “Жашагым келбейт” же “өлгүм келип жатат” деген сөздөрүн манипуляция катары кабыл албаңыз. Баланын ар бир сөзүнө олуттуу мамиле кылуу абдан маанилүү экенин билиңиз. “Антип айтпа!” деп коркутуу менен дагы жакшы жыйынтыкка жетпейсиз. Тескерисинче, муну менен анын айткандары сиз үчүн маанилүү эмес экенин билдиресиз.

Суициддин белгилерин байкаганда ыкчам кыймылдаңыз

Балаңыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган белгилерди ачык көргөндө  дароо чара көрүңүз. Мисалы, колундагы кесиктер. Мындай учурларда бала дайыма жабык кийимдерди кие баштайт. Балаңыз өзүн -өзү өлтүрүү жөнүндө ойлонуп жатат деп шектенгенде эле, ага жардамга келип, аны менен ачык талкуулооңуз керек. Бала жалгыз эмес экенин сезиши керек. Ал үчүн ата-энесинин колдоосу, көңүл буруусу абдан маанилүү. Балага суицидден алыс болууга жардам берүүнүн негизги жолу — коркуу жана жазалоо жок болгон ортоңордогу чынчыл, ачык жана ишенимдүү мамиле. Балаңыздын жашоосунда болуп жаткан нерселер сиз үчүн дагы маанилүү экенин көрсөтүңүз.

Психологдон кеңеш алганы ээрчишип алып баргыла

Ата -энелер көбүнчө баласынын эмоционалдык көйгөйлөрү бар экенин кабыл алгылары келбейт же аларды маанилүү деп эсептешпейт. Эгер кантип жардам берүүнү билбей жатсаңыз, психологго кайрылып кеңеш сурагандан тартынбаңыз. Балаңыз менен ээрчишип барсаңыз андан дагы сонун болот. Көйгөйдү биргелешип чечүү алда канча натыйжалуу экенин билиңиз. Балаңызды кыстап, урушуп, алып барабаңыз. Туура түшүндүрүп, аны жакшы көрөрүнүздү, жардам бергиңиз келерин айтыңыз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Психологиялык тест: Сүрөт тандап

Психологиялык тест: Сүрөт тандап, түгөйүңүз менен болгон мамилеңизди билиңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.