AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Спортивкасын чечпеген жигитим костюм-шым кийип оозумду ачырды

Спортивкасын чечпеген жигитим костюм-шым кийип оозумду ачырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жигитине ыраазы болгон кыздын баянын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Шымынын тизеси чыккан, күрмөсүнүн сыдырмасы бузулган, бутунда шлепка

— Эмнесин сүйөсүң?

— Ак көңүл, боорукер, жүрөгү таза, аракетчил…

— Токтосоң. Келбети кандай? Сүрөтү барбы?

— Мммм… Көрсөтпөй эле коюнчу.

— Баары бир Канышайдын тоюнан көрүп алабыз.

Жакында Канышай деген курбубуздун тою болот. Кыздар жигиттерибиз менен чакырылдык. Башкалардыкы менен таанышкам, меникин али эч ким көрө элек. Анткени, сүйлөшкөнүбүзгө аз эле болду. Ошон үчүн баарына кандай адам экени кызык болуп жатат.

Буга чейин Залкардын кебетесине такыр көңүл бурган эмесмин. Чын айтып жатам, жүрөгүмдү сырткы көрүнүшү эмес, жылуу мамилеси менен багынткан.

Ар дайым спортивка кийип жүрөт, шымынын тизеси чыккан, күрмөсүнүн сыдырмасы бузулган, бутунда шлепка. Жумуш деп жүрүп чачын алдырганга убакыты жок.

Кыздарым менен тааныштырып жатканымды элестеттим. О, кокуй! Баары бир адам кийимине карап тосулуп, акылына карап узатылат да, туурабы? Тойго барбай эле койсомбу? Кандай шылтоо тапсам экен? 

Дал ошол учурда Залкар чалып, тойго эмне алып баралы деп сурады. Эх, баары бир сүйөт экенмин, көңүлүн оорутпай эле коюну чечтим. Белек маселесин чечип алган соң, өзү сөз баштады.

— Сен эмне кийип барасың?

— Кыздар окшош көйнөк киебиз. Сенчи?

— Спортивкамды эле.

— Ммм…

— Эмне болду? Баары жакшыбы?

— Ооба, баары жакшы, макул көрүшкөнчө.

— Макул, өзүңө сак бол.

Той. Ресторан. Курбуларымдын жигити эбак эле келген. Меники жок. Чалсам албайт. Бир убакта, гүлдесте көтөргөн бейтаныш сулуу жигит мага кол булгалады. Костюм-шымы, чач жасалгасы бир укмуш, атыры өзүнөн мурда эле жаныма жетип келди. Ким болду экен? Жакшылап карадым. Залкар! 

Жигитимдин мынчалык келишимдүү экенин билген эмесмин. Кыздарыма кошулуп менин оозум ачылып калды.  

Баары менен сылык учурашып, гүлүн той ээсине тапшырды. А менин ачылган оозум али жабыла элек.

— Спортивка кийип келем дебедиң беле.

— Мени курбуларың менен тааныштыра турганыңды билгем, ошон үчүн тамашалап койгом. Билем, кээде өзүмдү карабай жүрө берем. Бирок, сен үчүн маанилүү болгон күнгө кол шилтеп кое албайм. Ар дайым мени менен сыймыктанышыңды,  жанымда башыңды көтөрүп жүрүшүңдү каалайм. Дагы бир нерсе айтайынбы?

— Айт.

— Сенин жаныңда күн сайын жакшырып баратканымды байкап жатам. Бул үчүн сага чоң рахмат!  

— Залкар?

—  Оу.

— Бирок кээде жанагы тизеси чыккан шымыңды кийип тур э, болбосо кызгана баштадым.

Каткырып бетимден өптү. Айттым эле го, жигитим сонун адам деп. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эгер ВИЧ аныкталса эмне кылуу керек? Андан башка 13 суроого жооп

Эгер ВИЧ аныкталса эмне кылуу керек? Андан башка 13 суроого жооп

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.