Бир жарым жыл мурун турмушка чыккам. Ушул жылдын апрель айында кыз төрөдүм. Мурда турмушка чыккан эмесмин. Ал эми жолдошумдун биринчи турмушунан бир кызы бар, 6 жашта. 2014-жылы ажырашып кетишкен, ушул убакка чейин ай сайын 7 миң сомдон алимент төлөп келет. Андан сырткары маянасынан да алиментке берип турат. Ошондо ай сайын 10 миңден ашык акча төлөйт. Жолдошум жумушунан үй алууга 4-5 жыл мурун кезекке туруп, кезеги былтыр келип ипотекага 15 жылдык мөөнөтү менен үй алдык. Үйдүн акысына ай сайын 15 миң сомдон кармап калып турушат. Эми ипотекага да алиментке да акча бергенде өзүбүзгө 3 миң кээде, 5 миңге жетпеген акча чыгып кыйналып жатабыз.
Анан мурда алиментти кесип берген сотко, кызыбызга да алименттин жарымын бергиле деп арыз жазсак сот биз тарапка чечип, алиментти бизге да, тиги кызына да төлөсүн деп чечим чыгарып берген. Сот процессине мурунку аялы басып келген эмес, үйүнө сотко чакырууну алып барганда 3 жолу тең алдым деп, биринде ата-энеси, биринде өзү кол коюп берген.
Эми болсо, мени сотко чакырбай туруп менин макулдугумсуз чечим чыгарышыптыр, алимент мурдагыдай 25% бойдон калсын, соттун чечимине макул эсесмин деп арыз жазып салгандыктан мурдагы чечимди жокко чыгарып салышты. Анын Е.Г.Ш аттуу эжеси Бишкек шаарындагы райондук соттун судьясы. Буга чейин да ошол эжеси соттук процесстерге кийлигишип сиңдисинин пайдасына чечип берип келген. Эми да ошентип койсо 18 жыл бою 3000 сом айлык менен жашайбызбы деп коркуп жатабыз. Биз тарапка чечип берген судьяны алмаштырып ордуна башка судьяны коюшуптур, ал судья мурунку соттун чечимин жокко чыгарып салды. Мыйзам боюнча алимент алганга укугубуз бар экенин билебиз. Бирок эми сот тигилердин пайдасына чечип койсо анда кайра-кайра соттун чечимине макул эмесмин деп арыз жазсак болобу? Кайда кайрылсак болот?







