AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сөйкө салган жигити таштап кеткен кыздын баяны

Сөйкө салган жигити таштап кеткен кыздын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Салтанат (аты өзгөртүлдү) студент, шаардагы окуу жайлардын биринде окуйт. Эки жыл мурун куру ушактардын айынан сөйкө салган жигити таштап кеткен. 

«8-классымда өзүмдүн айылымдагы бир бала менен сүйлөшүп баштадым. 2 жыл өткөндөн кийин ата-энеси сөйкө салып келишти. Көп өтпөй мен жөнүндө айылда  «башка бала менен сүйлөшөт, тиет экен» деген болбогон бир ушактар тарады. Бул сөздөр жигитимдин туугандарына да жетиптир. Мен канча айтып ыйлаганым менен ал мага ишенген жок. Экөөбүз сүйлөшпөй калдык.»

Бул аралыкта Салтанат окуусун бүтүп, университетке тапшырат. Өткөндү унуталбай кыйналат. Экинчи курс болгондо баягы жигити байланышка чыгат. 

«Жигитим кайра чалып баштады. Бирок,  «сен ушундай кылгансың, сен минткенсиң» деген сөздөрү калган жок. Ушул убакка чейин ар бир айткан сөзү ыйлатат. Анан бир жума мурун “мен сени жакшы көргөнүм үчүн эмес, сыйлаганым үчүн сүйлөшүп жатам. Үйлөнсөм да, сыйлаганым үчүн үйлөнөм”,- деди. Эмне кылаарымды билбей калдым. Үй-бүлө болсок, бул жагдай улана берчүдөй сезилип жатат.»

Тилекке каршы, Салтанат убагында ата-энесинин кой дегенине болбой сөйкө салдырган. Ошондон улам, учурда кыйналып жүргөнүн аларга айта албайт. 

«Азыркы абалымды ата-энеме да айта албайм. Алар сураса баары жакшы деп коём. Анткени, ал жигитти мен өзүм тандагам, апамдар каршы чыкканына болбой сөйкө салдыргам. Эми аларга эч нерсе дей албайм. Муну менден башка эч ким билбейт. Ичимден сызып улам ыйлап алам. Аябай кыйналып кеттим. Кимге эмне деп айтаарымды да билбей калдым. Менин мынчалык кыйналганымдан апамдар кабардар эмес.»

Тамара Воронцова, психолог

Жалган жалаа көптөгөн тагдырларды бузган өтө жагымсыз көрүнүш. Сиздин мамилеге тоскоол болууну каалагандар — атаандашыңыз, курбуларыңыз же болбосо жигитиңиздин тууган-туушкандары болушу мүмкүн. Мындайча айтканда, себептери көп.

Бирок, баарынан маанилүүсү — бул абалда жигит өзүн кандай көрсөттү. Ал сизден башка баарына ишенди. Кантип анан сизге ишенбеген, сүйбөгөнүн ачык айткан адам менен жашооңузду байлагыңыз келет. Ага жолобой качыңыз, сүйлөшпөңүз. Ал сизге бир жолу чыккынчылык кылды, андан кийин дагы сата берет.

Эгерде ал адам менен баш кошууну чечсеңиз, бактысыз турмушуңузду элестетип жатам. Айта кетүүчү нерсе, бул окуяны кудайдын берген кеңеши, бактысыз тагдырдан сактап калган аракети катары кабыл алыңыз. Сөзсүз түрдө, сизди сыйлаган, сүйгөн адамга жолугасыз. Күнөөсү жок жерден айыпталган адам эмес, бактылуу, кубанычтуу болосуз. 

Ал жигит менен мамилени үзүп, жаныңыздагы энергетикалык орунду бошотуңуз. Чыккынчы адамдын айынан кайгырганыңызды токтотсоңуз. Өзүңүз үчүн шайыр, бактылуу болуңуз. Жашооңуз сөзсүз түрдө өзгөрүлөт!

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Фитр садака – 2019. Орозо айында бериле турган садаканын суммасы бекитилди

Фитр садака – 2019. Орозо айында бериле турган садаканын суммасы бекитилди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.