AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Сөйкө" (Чыныгы окуяга негизделген)

«Сөйкө» (Чыныгы окуяга негизделген)

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Август. Окуу жылы башталаарына эки апта калганда, Жакшылык апасын ээрчип шаарга келди. Жайдын аптабында калаанын жайма базарын кыдырып жүрүп, күнгө куйкаланып, акактаса да анысын апасына билдирбегенге тырышты. Үч ай жайлоодо жүрүп, каникулга тарагандан бери көрө элек Айзиректи жакында көрөрүн, анын жанында апапак көйнөк кийип турарын элестеткенде, күн башынан өтүп, тили салаңдап калганына да кайыл. Ансыз деле шаарга барчу күндү санап, «эртең барабыз» деген түнү тыбырчылап тынч уктай албай, коңшусу Сайпидин молдо багымдат намазына азан чакырганы даарат алып аткан маалда эле туруп алган…

Зуура уулунун кем-карчысына деп белендеген акча жетпей калбасын деп, жайлоодон эки кап сүзмө ала келген. Анысын сүзмө алып-саткан аялдар шоопур Каныбектин УАЗынан жерге түшүрбөй эле талап кетишти. Ошентсе да сентябрга жакын баасы көтөрүлүп кеткен кийимдерди карап, түпөйүл. Уулу апасына ысыкта кыйналганын билдирбегенге аракет кылгандай эле, апасы уулуна бир сыйра кийим кылгандан кийин эле калтасында какып калчу каражатын билдирбей баратты…

Базарлык да бүттү. Ак көйнөкчөн Жакшылык суусаганын унутуп деле калган. Оозу делдейген кулагына жетип, басыгы шайдоот. Зууранын да көңүлү ток. Капчыгында өзүнө бир жоолукка, жолдошуна темир устарага анан кайтканга жетчү жол кире калган…

Бут кийим саткан катардан өтүп баратып, Жакшылык тык токтой калды. «Нике» деген жазуусу бар спорттук бут кийимди көзү чалып калган эле. Былтыр дене тарбия сабагында эки класстын балдары футбол ойноп, таманы тешилип калган «Абибасын» кийгенден уялып, туфличен барып алган Жакшылыкты мугалими оюнга киргизбей койгон. Ошентип Айзиректин көзүнчө өнөрүн көрсөтө албай калган. Классташы Аскат гол киргизгенде кол чаап жиберген Айзиректи бир карап, таманы жамала берип, желим сарыгып чыгып калган туфлисин бир карап, муштуму кантип түйүлө калганын өзү байкабай калган эле.

Жакшылык акырын башын көтөрүп, апасын жалооруй карады. Бирок «алып бер» деп айталган жок. Зуура сатуучуну карады.

⁃ 700 сом. Сизге 650 сомго берем…

«Мейли, эски жоолуктарым деле көп эмеспи. Атабызга да сакал куп жарашат. Шоопурлар деле өзүбүздүн айылдыктар, жаздырып коермун. Бирок дагы 150 сом керек… Балам, сен кийип көрүп, ченеп турчу, ээ. Мен азыр»…

Шашкалактап, базар аралаган элди жөөлөп отуруп, күркөнүн алдына келгенде гана демин басты. «Алтын, күмүш сатып алабыз»…

Жакшылыктын бактысына чек жок. Эми карап тур, балдардын баарын чимирилтип, оң капталдан, сол капталдан, башы менен сүзүп гол сокпосо элеби. Айзиректин кол чапканын ошондо көрөбүз. Кыялданып баратып, апасынын кулагындагы алтын сөйкө ордунда эмес экенин элес алган да жок.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Товарды импорттоо боюнча

Товарды импорттоо боюнча

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.