
Менин жашым 24 тө, менде дайыма коркуу сезими бар. Адамдар менен аралашып олтурганда өзүмдү аябай ыңгайсыз сезем, олтурган жеримден чыгып кетким келет, бир сөз айтыштан да уялам. Ошонун айынан достор, туугандар менен да мамилем жок, чүнчүп көп сүйлөгүм келбейт. Маанайым дайыма жок, адамдардын баары эле «сүйлөбөйсүң» дей беришет. Үйлөнөйүн десем да коркуп сүйлөшкүм келбейт. Интернеттен карасам мээде гормондук өзгөрүүлөр болгон экен. Бул нерседен кантип арылсам болот? Дары ичсем болобу?






