AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Смартфонум бузулуп калды. Бир жума Нокиа простушка көтөрдүм. 5 күндөн кийин...

Смартфонум бузулуп калды. Бир жума Нокиа простушка көтөрдүм. 5 күндөн кийин…

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Белгилүү бир себептерден улам (ачыгын айтпай эле коеюн) смартфонум бузулуп калды. Аны ремонтко берип, балдарымдын оюнчуктарынын арасында жүргөн Нокиа простушканы 5 күн көтөрдүм. 

1 — күн.

Эртең менен эрте турдум. Жумушка 15 мүнөттө даяр болдум. Атүгүл, балдарды кийинткенге жетиштим. Аялым таң калды. 

Жумушка баратканда айланада элдер көп экенин көрүп таң калдым. Автобуска кирип жүргүнчүлөрдүн баарына салам айттым. Эч ким унчукпады. 

Иштеримди 4 саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактады. «Змейка» жакшы оюн экен, болгону баскычтарга көнө албай жатам. 

Кечки тамак учурунда аялым менен сүйлөштүм. Байкушумдун көйгөйлөрү көбөйүп кетиптир. Чечип беришим керек.

Балдарымдын үй тапшырмасына жардам бермей болдум. Ондуктарды көбөйтүү кыйын экен. Түнкү саат эки, 4-класстын математикасын окуп олтурам.

2 — күн.

Адатымча эрте турдум. Эртең мененки тамакты даярдадым. Балдарым балык менен куурулган жумуртка даамсыз экенин айтты. Алар эмнени билмек эле, даамдуу эле.

Автобуска түштүм. Жүргүнчүлөр менен жылмайып учураштым. Эч ким унчукпады.

Ишимди 3 саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактап, башка жумуш берди. Эмнегедир кесиптештерим мени менен такыр сүйлөшпөй калышты.

«Змейка рулит». Манжаларым ооруп калыптыр. 

Ондуктарды калькулятордун жардамы жок көбөйтө баштадым. Балдарым мени сыймыктана карашты.

3 — күн.

Балдарыма колбаса менен жумуртка жакты. Аялым ыраазы болду. Эртең да тамак жасап берем. 

Автобуска түштүм. Айдоочу бүгүн өзү биринчи учурашты. 

Бардык жумушту 2 саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактап, сыйлык берүүнү убада кылды. Кесиптештерим башкача карап жатышат. «Змейка» дээрлик толугу менен экранды ээлеп калды. 

Балдарым менен чогуу мультфильм көрдүк. «Семейка Крудс» сонун экен, силер да көргүлө. 

4 — күн.

Жумушка кетээр алдында аялымды өөп, балдарымды кучактадым. Кандай гана жагымдуу учур. 

Айдоочу бүгүн да биринчи салам берди. Жүргүнчүлөр менен учураштым. Эч ким унчукпады. 

Жумушумду бир саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактап, сыйлыгымды тапшырды. Эгерде ушундай темп менен кете берсем, орун басар кылаарын айтты. Ураа!

Балдарым «Атааа!»  деп кыйкырып тосуп алышты. Аялым да бүгүн өзгөчө сулуу. Мен бактылуумун. 

5 — күн. 

Смартфонумду ремонттон алдым. Дароо бүт оюндарды, тиркемелерди өчүрүп салдым. «Змейканы» эле калтырып койдум.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кантип Америкага кетем?

Кантип Америкага кетем?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.