
Жаңы смартфон сатып алгыңыз келсе, анда сөзсүз «Beeline» компаниясынын сатууларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Феруза Эргешованын кеңештерине кулак салыңыз. Жыйынтыгында баасы жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча талабыңызга туура келген смартфон табасыз.
- Биринчиден, смартфонду эмнеге пайдаланасыз, жакшылап ойлонуңуз.
- Жумуш үчүн керек болсо, аккумуляторуна маани бериңиз.
- Социалдык тармактарга пайдалансаңыз камерасына көңүл буруңуз.
- Аз акчага сапаттуу телефон алса болоорун унутпаңыз.
- Смартфон алаардан мурун интернеттен, ютубдан колдонуучулардын пикирлерин карап чыгыңыз, досторуңуз менен кеңешиңиз.
- Убакытты үнөмдөп интернет-дүкөндөрүнөн издеңиз, бааларын салыштырып көрүңүз.
- Сөзсүз смартфонго чехол, экранына сактоочу айнек тагыңыз.
- Смартфонду 100% чейин кубаттабаңыз, 80% жетиштүү. Болбосо, акумулятордун жарактуулук мөөнөтү бат бүтөт.
- Смартфондун сырткы кооздугуна карабаңыз.
- Эч качан шашпаңыз!







