Сиңдим 25 жашта. Үй-бүлөлүү. Кайын энеси, жолдошу, бир кыз, бир баласы менен жашашат. Алты жылдан бери үйдө, үй жумушу, балдары менен алектенет. Финансылык жактан жетиштүү, жакшы жашоосу бар. Бирок, сиңдим базарга же бир жактарга чыкса, жолдошу тынымсыз телефон чала берет. Качан келесиң, эрте кел ж.б ушундай сөздөр. Кызганычтан тажадым дейт. Кол көтөрбөйт, урушпайт дейт. Болгону кенен эки жака баралбагынына капа боло берет. Мындай тыюу мага жакпайт дейт.
Өз ара жолдошу экөө бул темада канча сүйлөшүп, чече албай келээрин айтат. Кайненеси менен чогу жашап жатканына да нааразы экени байкалат. Жолдошу бир үйдүн жалгыз уулу.
Акыркы кундору маанайы жок, бир жакка кетким келет дейт. Өзүнө деген кийимди да жакшылап албай калды. Бул абалдан чыгууга бир тууганыма кантип жардам бере алам. Жакында диплом алды. Бала бакчага жумушка кирсем деп турат. Жумуш менен алаксып өзгөрүлөбү? Деги сиңдимдин тынч жашоосу канткенде жакшы болот?







