Сиңдим күйөөсү менен ажырашып сотко бергенбиз. Бир топ жыл бирге жашашты, ортодо бир кызы бар. Сиңдим кетип жатканда кийимдерин алып калыптыр. Көп жыл бирге жашаса да, колуна бир тыйын карматпай, төрөбөйсүң деп басынтып, кордоп келишкен.
Күйөө бала жакшы жерде иштейт. Ата-энеси менен турса дагы өзүнүн атында мал жаны бар.
Учурда сиңдим ата-энемдикинде жашап жатат. Сотко кайрылсак, «алимент төлөбөйм, өз каалоом менен жардам берем», деген, бирок бир дагы жолу басып келген жок.
Атат-энеси үйгө чейин келип, «сен кызды бага албайсың, сотко бербегиле, кызды өзүбүз алабыз», деп чаң салып кетти.
Сиңдиме бут тосуп, аны бир байкуш катары көрүп жатышат.







