Акыркы убактарда сингапури же сенгапури процедурасы абдан популярдуу болуп калды. Бул көздүн үстүңкү сурмасына жасалуучу блефаропластиканын бир түрү. Хирургиялык блефаропластикага караганда бир топ арзан. Мындан тышкары, жарнамаларда бул ыкма так калтырбай турганы айтылат. Буга байланыштуу окурмандарыбыз арасында пайда болгон көптөгөн суроолорду пластикалык хирург Улукбек Маматовго берүүнү туура көрдүк.







