AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Швейцариядагы Фрибург Университетинин Коомдук/Маданий Антропология боюнча докторанты Зарина Урманбетова окуу жайга тапшырып жатканда мотивациялык катты кантип жазганы боюнча айтып берди. 

— Мотивациялык кат мындай болуш керек деген так бир үлгү жок. Ар бир университет ар кандай кабыл алат. Мен аябай даярдандым. Анан дагы чет өлкөгө барып окуп келгендердин семинарларына катышып, алар кантип жазышканын угуп турчумун. 

— Интернетте көптөгөн ресурстар бар. Бирок, эч качан аларды туурабаңыз. Башка бирөөнүн мотивациялык катынан үлгү алып, анын кээ бир абзацтарын кошуп койсоңуз, окуп келатканда баары бир билинип калат. Анын үстүнө кабыл алуу комиссиясы, профессорлор көптөгөн студенттерди ылгап тажырайбсы көп болуп калган, дароо байкашат.

— Мисалы, угушум боюнча Америкадагы окуу жайларга «мен атым мындай», «ата-энемден же чоң апамдан таасир алып, анан кыйын болуп чыктым» сыяктуу жазып, өзүңүздү уникалдуу кылып көрсөтсөңүз аларга жагат. Ал эми Европада өлкөлөрүндөгү университеттерге так маалымат керек, «эмнеге ал теманы изилдегиңиз келет», «кызыгууңуз эмнеден улам пайда болду», «кандай тажрыйбаңыз бар» кылып жазсаңыз өтүү мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт. 

— Мен биринчи мотивациялык катымды өтө көркөмдөп жазып салгам. Анан бир мугалимге көрсөтсөм, балким башкача кылып көрүшүмдү айтты. Андыктан, жазып алып бир нече адамга көрсөтүп, кеңеш сурап көрүңүз. Оңдоп койчу эмес, кантип жакшыртсам болот деп сураңыз.

— Окуу жай жарыя бергенде эле кимди издеп жатышат, дароо ачык жазышат. Кулактандырууда ачкыч сөздөр болот. Ошого жараша жазыңыз. Ашыкча нерсенин кереги жок. 

— Жаза албайм деп өзүңүздү чүнчүтө бербеңиз. Баары колуңуздан келет. Болгону жаза бериңиз.  

Эфирди толугу менен бул жерди басып көрө аласыз. 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Сүйлөшкөн кызыңыз боюнда бар экенин айтса эмне кылуу керек? Мырзаларга кеңеш

Сүйлөшкөн кызыңыз боюнда бар экенин айтса эмне кылуу керек? Мырзаларга кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.