AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Шашылыңыздар! ЖРТга кошумча каттоо башталды

Шашылыңыздар! ЖРТга кошумча каттоо башталды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жалпы республикалык тестти тапшыруу үчүн каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо башталды.

КАЧАН?

2018-жылдын 14- же 15-майында тестке кошумча каттоо Бишкек шаарында жана Кыргызстандын бардык облустарында болуп өтөт.

Каттоо төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:

Баткен областы: Кадамжай, Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя шаарчалары;

Талас областы: Талас шаары, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондору;

Иссык-Көл областы: Балыкчы, Каракол шаарлары, Григорьевка айылы, Тоӊ, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору;

Нарын областы: Нарын шаары, Нарын, Жумгал, Ак-Талаа, Кочкор, Ат-башы райондору;

Ош областы: Ош, Өзгөн шаарлары, Мырзааке, Араван айылдары, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Чон-Алай райондору;

Жалал-Абад областы: Жалал-Абад шаары, Токтогул айылы, Ташкөмүр шаарчасы, Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Сузак райондору.

КАЯКТА?

Каттоо тест борборлорунда (Жалпы республикалык тест өткөрүлө турган мектептерде) тесттин администраторлору тарабынан жүргүзүлөт.

Ар бир тест борборунда (мектептерде) каттоо 13.00дон 17.00го чейин жүргүзүлөт.

Ар бир райондогу же шаардагы каттоо өтө турган жер жөнүндө мектептерден же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн билсеӊер болот — Шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрү http://edc.kg/moin-kr/raiono.html

Сиз тест тапшыра турган мектептин жайгашкан жерин КР ББИМ сайтындагы Кыргызстандын мектептеринин картасынан билсеӊиз болот. http://bilim.akipress.org/profiles:3/school

КАТТОО АКЫСЫ КАНЧА ТУРАТ?

Каттоо акысы – негизги тест үчүн 320 сом, жана ар бир предметтик тест үчүн 320 сомду түзөт. Төлөмдөрдү РСК банкына төгүш керек.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2017-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, КРнын ЖОЖдорундагы гранттык орундарга тапшырып, жарыяланган сынакка катышуу үчүн ар бир абитуриент сөзсүз түрдө негизги тестти тапшырууга тийиш. Профилдик предметтик тест Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен, ЖРТнын милдеттүү болгон кошумча предметтери көрсөтүлгөн окутуунун адистиктеринин жана багыттарынын тизмесине ылайык аныкталат. Контракттык негиздеги окутуу бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн бардык окутуу формаларына (күндүзгү, сырттан окуу, кечки) негизги тест милдеттүү болуп саналып, профилдик предметтик тесттин жыйынтыктары абитуриентке дал келген багыттагы бөлүмдөргө кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ кылат.

Окуу багыттарынын жана адистиктердин тизмеси жана аларга дал келген предметтик тесттердин тизмесин (1-тиркеме) сиз өз компьютериӊизге бул жерден жүктөп алсаӊыз болот. 1-тиркемеге киргизилбеген адистиктер контрактык негизде болуп саналат. Бул адистиктерге тапшырууну каалагандар негизги тесттин жыйынтыгы боюнча конкурска катышышат.

ТЕСТКЕ КАТТАЛЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

Каттоо үчүн төмөнкүлөр болушу керек:

  • Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы
  • Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк, айдоочунун күбөлүгү);
  • Инсанды күбөлөндүргөн документтерсиз тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
  • 3х4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
  • Орто билим жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн); 2014-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайдын мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!

Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер тесттин жыйынтыктары көрсөтүлгөн сертификатты каттоодон өткөн райондун (шаардын) райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн алышат.

Кошумча суроолор үчүн 0312 66-48-38 номерине байланышсаңыздар болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Аялымдан кумар албайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.