AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Дарыгер-трихолог, КРСУнун медицина факультетинин бүтүрүүчүсү Алижон Балтабаев чач тууралуу эң көп берилген суроолорго жооп берди. 

Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайт деген чынбы?

Көпчүлүк чачтын түшүшүн туура эмес шампунь менен жуугандан же баш кийим көп кийгенден деп эсептешет. Тилекке каршы, бул миф! Чачты катуу тартып койгондо «тракциондук алопеция» башталып, чач түшө баштайт. Бул көбүнчө бийчилерде, балериналарда, чачына дреды жасаткандарда кездешет. Чачты катуу тартып байлаганда, ашыкча тартылуу болуп, чачтын чеги артка жыла баштайт. Бул маңдайдагы чачтын түшүүсүнүн бир себеби, башкалары да бар. 

Кызым чачын эки күндө бир жолу жууйт. Бул туурабы?

— Мунун баары баштын терисинин түрүнө жараша болот. Эгерде баланын териси кургак болсо, анда ашыкча жуу кургак себореяга алып келет. Башкача айтканда, баштын терисинде ашыкча өлчөмдөгү кабырчыктар пайда болот, тери тартылат, ал тургай кычышуу пайда болушу мүмкүн.

Көптөгөн өспүрүмдөр чач жасалгасын сактоо үчүн күнүнө дээрлик эки жолу чачын жуушат. Бул туура эмес, коргоочу май катмары жуулуп кетет. Анан баштын териси кургап кетет же ашыкча май бөлүп чыгара баштайт. Жакшысы, жумасына үч жолу жууган жакшы.

Териси майлуу башты күндө жууса болобу?

Тери майлуу болсо, аны жууп койсо эле көйгөй чечилбейт. Адиске кайрылып, пилинг жасап, атайын каражаттарды сатып алыш керек.

Чачты бекем кылуучу витаминдер барбы?

Ар кандай маркадагы мультивитаминдүү препараттар бар. Алар чачтын өсүшүн жакшыртуучу негизги компоненттерди камтыйт: цинк, жез, темир, аминокислоталар, витаминдер … Бирок,  эмнени кабыл алуу конкреттүү көйгөйдөн көз каранды. Витаминдерди негизги дарылоого кошумча катары колдонсо болот. Эгерде адамда көйгөй бар болсо, ал бир эле витаминдер менен чечилип калбайт.

Эмнеге эмчек эмизген чач катуу түшө баштайт?

Кош бойлуу кезде, аялдардын жыныстык гормондорунун таасиринен улам чачтын жашоо цикли узарып, чачтар дээрлик түшпөй калат. Төрөттөн кийин гормондор табигый түрдө төмөндөп, «төрөттөн кийинки телоген» деп аталган чач түшүүсү башталат. Үч-төрт айдан кийин кош бойлуу кезде чыккан чачтар түшө баштайт. Бул процесс убактылуу жана алты айдын ичинде токтошу керек.

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жигитиме "сага турмушка чыга албайм" деп кантип айтсам болот?

Жигитиме "сага турмушка чыга албайм" деп кантип айтсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.