AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Шайырсызбы же ыйлааксызбы? Муну окуп темпераментиңизди билип алыңыз

Шайырсызбы же ыйлааксызбы? Муну окуп темпераментиңизди билип алыңыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психология адамдарды темпераментине жараша 4 түргө бөлөт. Алар: холерик, сангвиник, флегматик, меланхолик. Адамдын темпераменти анын кыймыл аракетин, кандайдыр кырдаалга болгон мамилесин жана кыйынчылыктарды кандайча жеңип чыга тургандыгын көрсөтөт. Эмесе, окуп өзүңдүн темпераментиң кандай экенин билип ал.

Холериктер 

Чечкиндүү, маалыматты тез кабыл алат, бетке айтат. Кыймыл аракети шар, бир ишти баштаса тез бүтүргөнгө аракет кылат. Таарынчаак эмес, кек сактабайт. Сүйлөгөндө да абдан жандуу, колу менен жаңсап, отура калып, тура калып окуяларды айтып берет. Чечимди тез кабыл алат жана дароо ишке ашырат.

Холериктердин кемчиликтери: Өтө шашма. Чыдамы жок, бир жерде отура албайт. Жакын адамдары менен орой сүйлөшөт, чорт кесип айтат. Иштин майын чыгара жасай албайт. Бат эле туталанып кетет, жини мурдунун учунда.

Сангвиниктер 

Шайырлыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Маанайы көпчүлүк учурда көтөрүңкү. Жашоодогу кыйынчылыктарды жеңил кабыл алат, же болбосо такыр көңүл бурбайт. Кандай кырдаал жаралбасын оңой-олтоң көнүшүп, ыгын таап кетет. Иштемчил, чыдамкай. Стресске кабылганда ачууга алдырбайт, сабырдуу.

Сангвиниктердин кемчиликтери: Жасап жаткан ишинин кызыгысы тараса, ойлонбостон таштап коет. Күнүгө кайталанчу бир түрдүү ишти, кылдаттык менен, көңүл коюп аткара албайт. Тез эле тажап кетет. Чечимдерди шашылыш кабыл алат. Эрки бош.

Флегматиктер 

Бир мүнөз болот. Оор басырыктуу, чыдамкай, кайраттуу. Баштаган ишин ар дайым аягына чыгарат. Майын чыгарып жасайт. Бир калыпта жашаганды жактырат. Бардыгын эске алып, эсептеп, так жүрөт. Кекчил эмес. Ага карата айтылган сын жана тамашага маани бербейт. Бардык жерде тартипти сактап жакындарынан да ошону талап кылат. Эс тутуму мыкты. Булар ишеничтүү адамдар. Ичиндеги сезимдерин сыртка чыгарбайт.

Флегматиктердин кемчиликтери: Эмоцияларын көрсөтпөйт. Ичинде эмне болуп жатканын жакшы көрүп же жаман көрүп жатканын түшүнө албайсың. Кыймылы жай. Жаңы шарттарга, адамдарга оңойу менен көнүшө албайт. Мыжыкый, майдачыл.

Меланхоликтер 

Сезимтал. Сынды жана мактоону жакын кабыл алат. Адамдарды бир карап кандай киши экенин адашпастан аныктайт. Мыкты психолог. Башкаларды уга билет. Өзүнө жана жакындарына талапты жогору коет. Абдан эмоционалдуу. Боорукер. Тынчын албаса жигердүү эмгектенет. Чын дилинен кубанып, чын дилинен кайгырат.

Меланхоликтердин кемчиликтери: Таарынчак, кекчил. Уялчак, түнт, чечкиндүү эмес. Тааныш эмес чөйрөдө өзүн жоготуп коет. Көпчүлүктү сүйбөйт. Жалгыздыкты жактырат. Үнүн акырын чыгарып сүйлөйт. Орой мамилени көтөрө албайт. Кенедей нерсеге деле санаа тартып кайгыра берет.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
ВИЧ инфекциянын жугуу жолдорун билип алыңыз

ВИЧ инфекциянын жугуу жолдорун билип алыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.