AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Шайлоочулар үчүн БШКнын сайтынан маалымат издөө ыңгайлуубу? Анализ

Шайлоочулар үчүн БШКнын сайтынан маалымат издөө ыңгайлуубу? Анализ

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Kaktus.media БШК шайлоочуларга шайлоо жана талапкерлер жөнүндө керектүү маалыматтарды берүүгө даярбы же жокпу анализдеп көрдү.

Жарандар БШКнын сайтынан эмнелерди көргүсү келет?

  • Талапкерлердин өмүр баяны жана кылган пайдалуу иштери жазылган тизме.
  • Партия канча мандат алаары кантип эсептелет тууралуу маалымат.
  • Соттолгондугу барлардын тизмеси, ал качан жокко чыгарылган жана ал кайсы берене боюнча болгон.
  • Шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуу чаралары.
  • Шайлоо мыйзамдары, укуктук регламенттер.
  • Талапкерлерге, маалымат каражаттарына, байкоочуларга, агитаторлорго ж.б талаптар.
  • Талапкерлердин кирешелери жөнүндө декларация.
  • Чет өлкөлөрдүн кайсы шаарларында шайлоо участкалары болот.
  • Депутаттардын кимиси кайрадан депутаттыкка талапкерлигин койду.
  • Талапкерлердин программалары.
  • Шайлоо эрежелери: ким кандай ыйгарым укуктарга ээ, кантип добуш берүү керек.

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.mediaУдобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.mediaУдобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

БШКнын сайтында эмне бар?

Сайттын негизги баракчасында жаңылыктар камтылган. Негизги менюда ар кандай максаттуу аудиториялар үчүн маалыматттар камтылган: шайлоочулар жана талапкерлер. Бирок шайлоо участкасы тууралуу баракча 2017-жылдан бери жаңыланган эмес.

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

Негизги баннерди басып шайлоонун регламентинин тизмеси бар баракчага өтсө болот.

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

Башкы менюдагы бөлүмдөр аркылуу БШКнын курамы, түзүмү, анын иши жөнүндө маалыматтар табылат. Шайлоо мыйзамдары, добуш берүү жол-жобосу жана Кыргызстандагы шайлоо процессине байланыштуу башка ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтар дагы жарыяланган. Мыйзам актыларына, БШКнын, референдумду жана 2016-жылдын март айындагы шайлоолор жөнүндө маалыматтардын архивине шилтемелер бар. Байланыштар жазылган бөлүм бар.

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

Негизги баракчада шайлоо календарына, акыркы шайлоого катышкан талапкерлердин жана партиялардын тизмесине шилтемелер камтылып, республиканын чегинен тышкары шайлоо участкаларынын тизмелерине, жаңы кодекстерге жана ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топко шилтеме берилген.

Сайтта Excel форматындагы шайлоо боюнча ачык маалыматтар, шайлоо участкаларынын интерактивдүү картасы бар.

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.media

Эмне жетишпейт?

Жарандар кайсы жерде добуш берээрин дароо билгилери келет. Бирок сайтта, бул үчүн бир нече иш-аракеттерди жасоо керек: «Шайлоочулар» ,  «Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү тактаңыз», андан кийин «Тактоо» баскычын басып, аты-жөнүңдү киргизип, «Мен робот эмесмин» деп белгилеп, анан шайлоо участогуңдун дарегин аласың. Бул нерсени бир басып туруп биле ала тургандай кылып  көрүнүктүү жерге блок жайгаштырса болот.

«Шайлоо календары» блогунда талапкерлер, шайлоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалыматтар аралаш берилген. Балким, катардагы шайлоочу сайтка киргенде шайлоонун негизги этаптары менен тааныша алгыдай кылып шайлоочулар үчүн өзүнчө блок бөлүү керек. Бул үчүн, ар бир шайлоонун алдында, башкы бетте, тизмелерди ачпастан жана керектүү маалыматтарды издебей, шайлоонун ырааттуулугун сүрөттөгөн визуалдык колдонмо түзсө болот.

Партиянын талапкерлеринин сүрөттөмөсүнө жетүү кыйын. Ал үчүн алгач «Талапкер» сайтына кирип, андан кийин талап кылынган тарапты тандап, андан соң «Талапкерлердин тизмесин» басуу керек.

Удобно ли избирателям искать информацию на сайте ЦИК? Анализ Kaktus.mediaТалапкерлердин тизмесин башкы менюда жайгашкан «Талапкерлер» бөлүмүнө жарыялоо логикалуу болмок. Мындан тышкары талапкерлер жөнүндө маалыматты кеңейтүү зарыл. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын, жынысын, улутун, билим деңгээлин жана учурдагы иштеген жерин гана эмес, талапкер буга чейин депутат болгонбу, эгер ал болгон болсо, анда кайсы чакырылыштарда жана кайсы партиядан келгендиги жөнүндө маалыматтарды жарыялоо дегендей.

Активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жана изилдөөчүлөр үчүн сайт шайлоолор жөнүндө маалыматтарды машинада окула турган түрдө жарыялашы керек. 2016-жылдан бери архив жүргүзүлүп келет, бирок ал иретке келтирилген эмес, керектүү маалыматты табуу ыңгайсыз. Мындан тышкары, Кыргызстандагы шайлоо 2016-жылга чейин өткөрүлүп келген. Демек, өткөн жылдарга дагы маалымат керек.

Сайтта шайлоонун ачык-айкындыгын көзөмөлдөөчү инструменттер жетишпейт. Бул үчүн шайлоо күнү сайттагы добуш берүүнүн жүрүшүн реалдуу убакыт режиминде чагылдырган интерфейс керек, ал эми шайлоодон кийин шайлоо участкаларындагы аномалияларды байкап турса болот. Бул үчүн ар бир участокто кайсы бир партияга добуш берген адамдардын саны жөнүндө отчетторду түзсө болот. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын көрсөткөн форма же интерактивдүү карта түзүп койсо болот.

Дополнительные рекомендации IT-специалиста

 

IT адисинен кошумча сунуштар

Эгерде сайтка шайлоочунун көз карашы менен талдоо жүргүзсөк, анда адамдар биринчи кезекте кайсы жерде добуш берүүнү дароо түшүнүшү керек. Мындай бөлүм көрүнүктүү жерде жайгаштырылып, зарыл болгондо, толук аты-жөнүн жана башка маалыматтарды терип, маалыматты тез арада текшере ала тургандай кылып коюу зарыл.

Шайлоо участогун издөө жана тизмеден өзүңүздү текшерүү зарылдыгы менен катар талапкерлер жөнүндө маалымат дагы маанилүү. Бул бөлүм башкы менюда дагы, оң тилкедеги блокто дагы көрсөтүлөт.

Изилдөөчүлөр шайлоонун архивине кызыгышат, ошондуктан бул тууралуу тиешелүү бөлүмү алардын ишин жөнөкөйлөтөт.

Жумуш издегендер үчүн бош орундар бар же жок экендигин көрсөтүп, кадрларды издөө үчүн өзүнчө бөлүм бөлүп берүү керек.

БШКнын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызымды кандай сеп менен узатарымды уккан кудам катуу кучактады

Кызымды кандай сеп менен узатарымды уккан кудам катуу кучактады

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.