AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сепкилдин пайда болуу себептери жана үй шартында арылуу жолдору

Сепкилдин пайда болуу себептери жана үй шартында арылуу жолдору

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Күн нуру, шамал, чаң — назик бет териңизге терс зыянын тийгизип, сепкилдин чыгышына шарт түзөт. Сепкилден арылууга болобу? Жоопту косметолог, дерматолог Мээрим Давлетовадан билип көрдүк.

Сепкил — тегерек же сүйрү формадагы ачык сары, кочкул күрөң түстөгү пигменттүү так. Адамдын бетинде, колунун сыртында, ийининде, кээде далысында жана көкүрөгүндө симметриялуу болуп жайгашат.

Сепикилдин пайда болуу себептери:

  • Тукум куучулук жана күн нуру: Сепкил тукум кууйт. Ошондой эле жаз мезгилинен кеч күзгө чейин күн нурунан коргонбосоңуз пайда болот. Адатта жаз-жай мезгилинде көбөйүп, кышында көп байкалбай, өзүнүн өңүн кетирет.
  • Боор, өт оорулары жана ички бездин бузулушу: Эгер ден-соолугуңуздун начарлашы менен сепкил түшсө, дарыгерге кайрылганыңыз оң. Белгилүү бир оорунун айынан чыккан сепкилди кетирүүгө мүмкүн.

«Сепкил» укумдан-тукумга берилген генетикалык түзүлүш, андан толугу менен арылууга бир дагы косметолог кепилдик бере албайт. Өтө билинбей турган кылып коюуга пилинг, агартуучу мезотерапия жана лазер жардамга келет. Ошондуктан, сепкилди алдын алуунун мааниси чоң.

Сепкилди алдын алуу жолдору:

  • Эрте жаздан кеч күзгө чейин күнгө чыгаарда бетке сөзсүз түрдө күндөн коргоочу бет май сүйкөө маанилүү.
  • Бет майды сүйкөп коюп тим болбой упаны да колдонуңуз.
  • Колуңуздан келишинче күндө көп жүрбөңүз. Башыңызга баш кийим кийип, көз айнекти тагынып алыңыз.
  • Эч качан жаз жана жай мезгилдеринде бетти агартуучу бет майларды колдонбоңуз.

Сепкилден үй шартында арылуу:

  1. Айран. Сепкилди агартуучу касиетке ээ. Бир жумада 3 ирет айрандан маска жасап турсаңыз жардамы тиет.
  2. Киви. Бир даана кивини данеги менен сүргүчтөн өткөрүп, сепкилден арылтуучу пилинг катары колдонсоңуз болот. Бетиңиз калың болсо 3-4 минута массаж жасап коюңуз. Жука болсо укалоонун кереги жок. Киви маскасын бетиңизге 10 мүнөткө коюп, кайра жууп салыңыз. Эгер бетиңиз майлуу болсо чекеңизге, ээгиңизге, мурдуңуздун үстүнө көбүрөөк коюңуз. Себеби киви бет майлуулугун азайтат.
  3. Бадыраң. Эгер сиздин бетиңиз майлуу болсо, бадыраңды 1 аш кашык кылып эзип, ага жумуртканын агынын жарымын кошуп аралаштырасыз. Бетиңизге 15 мүнөт коюп, андан кийин жылуу суу менен жууйсуз.
  4. Лимон. Эки аш кашык сүткө лимондун 7-8 тамчы ширесин тамызып аралаштырып аласыз. Бетке 15 мүнөттөй коюп, андан кийин жылуу суу менен жууп коёсуз. Бул ыкманы лимондон аллергиясы барлар колдонсо болбойт.

Эскертүү: Бетиңизге маска кылганда ары-бери баспаңыз. Жатып алсаңыз жер тартымы менен маска жакшы сиңип, эффективдүү болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кимдерге блефаропластика жасатканга болбойт? Хирург айтып берет

Кимдерге блефаропластика жасатканга болбойт? Хирург айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.