Саламатсызбы! Мен психологдон кеңеш сурайын дегем. Жашым 21де, эки жылдан бери сүйлөшкөн жигитим бар. Экөөбүз көп жолу урушуп, кол үзүшкөнбүз. Анан кайра эле кечирим сурап, мен аны жакшы көргөнүм үчүн кечирип, мамилебизди улантып келебиз.
Жигитим окууну аяктап, чет өлкөгө иштегени кеткен. Быйыл үйлөнөлү деп сунуш айтты. Мен макул болдум, бирок быйыл эмес кийинки жылы деп, көпкө тартышып, кайра уруша кеттик. Акыры “сенден башка кыз жок бекен, башкасын деле таап үйлөнөм” деди. Мен “анда экинчи мага жазба” деп телефонду өчүрүп салгам.
Бирок кайра эле баякы көрүнүш, 3 айдан кийин жазып, телефон чалып, кечирим сурап, “сенден башкасынын кереги жок, башкага үйлөнбөйм, жиним менен сүйлөп жибергем” деп жатат.
Эмне кылышты билбей калдым? Мен аны сүйөм, кечиргим келет. Бирок үйлөнүп калсак, өмүр бою ушинтип жашайбызбы? Кандай кылам?







