AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Саякатта акчаны кантип үнөмдөсө болот? Саякатчыдан лайфхак

Саякатта акчаны кантип үнөмдөсө болот? Саякатчыдан лайфхак

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Бүгүн силерге саякатчы Даниэлла Стрыгинанын кеңештери менне бөлүшөбүз. Ал өз сырларын атайын биз менен бөлүштү.

— Чемодандын ичине көбүрөөк батсын десеңиз, буюмдарыңызды түтүкчө кылып бүктөңүз.

— Спонж, щетка, тиш пастасы, кулак таякачалары сыяктуу майда-чүйдөлөр салынган бир канча кичинекей сумка даярдап коюңуз. Эсиңизде болсун суюктук албаңыз (духи, лак, спрей ж.б).

— Ашыкча салмак үчүн аэропорттон эч качан акча төлөбөңүз. Жакшысы аларды ыргытып, жаңысын сатып алыңыз.

— Мейманканадан алып кетүүгө мүмкүн болгон бардык нерсени ала бериңиз. Кереги тиет деп айта албайм, бирок эстелик болот.

— Саякатчыга керектүү тиркемелер: Booking, Airbnb, Couchseerfing, Grab, Go Jack, Uber, Патефон, Radio Record, Expedia, Aviasales, Airasia, Maps.Me.

— Павербанк, кубаттагыч, ручка, тырмак үчүн кагаз арааны унутпаңыз.

— Китеп албай эле коюңуз, баары бир окубайсыз.

— Жаныңызга курч нерселерди албаңыз. 

— Аэропортто тамактар даамсыз жана кымбат болот. Аэропортко келе жатканда бир нерсе жеп алыңыз.

— Чылым үчүн «iqos» сатып алыңыз. Муну учактын дааратканасынан тартса болот.

— Кайда гана болбоңуз соодалашыңыз. Азияда бааларды 3 эсе көтөрүп коюшат.

— Трипадвайзер сыяктуу тамак-ашка арналган тиркемелерге убакыт коротпоңуз. Алар көп учурда күтүүлөрдү актабайт.

— Интуицияңызды өркүндөтүңүз. Жаңы жерге барганда алдын ала бул жакка барам деп пландабай эле, ар кайсы жерине бара бериңиз. Бул абдан кызык.

— Адашып кетүүдөн коркпоңуз. Жаныңызга отелдин визиткасын алып жүрүңүз.

— Жүксүз сейилдеңиз. Өзгөчө Азияда рюкзак эле жетиштүү. Ичине баалуу буюмдарды салбаңыз, уурдап кетишет.

— Акцент менен сүйлөп жатам деп кабатыр болбоңуз. Аны менен эч кимдин иши жок.

— Бир жакка баргыңыз келбей жатса, өзүңүздү кыйнабаңыз.

— Европадан учакка кечигип калсаңыз, сизди башка ички рейстерге отургузуп коюшат. Эгерде эл аралык болсо, билет баасынын үчтөн бир суммасындагы айып төлөйсүз.

— Аэропорт — бул навигациянын эң мыкты системасы. Андыктан ичинен адашып кетем деп коркпоңуз. Бирок келгенде эле каттоодон өтүңүз, гейтти табыңыз, анан сейилдеп жүрө бериңиз.

— Эстеликке өтө чоң эмес бир нерселерди чогултуңуз. Мисалы, барган өлкөлөрүңүздүн акчалары же кондуруучу (посадочные) талондор. 

— Эч качан аэропорттон акча алмаштырбаңыз. Банкоматтан акча алсаңыз, комиссия алынат.

Жыргап жүрүңүз! Болуп жаткан ар бир нерседен ырахат алыңыз. Сиз каалагандай болбой жатса да кабатыр болбоңуз. Баары кандай болушу керек болсо ошондой болот. 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Пластикалык хирург конокто

Пластикалык хирург конокто

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.