AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Салык кызматынын сайтынан эмнелерди тапса болорун анализдейбиз

Салык кызматынын сайтынан эмнелерди тапса болорун анализдейбиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салыктар тууралуу эмнени билгиңиз келет? Мамлекеттик салык кызматынын sti.gov.kg сайты Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын сайттарынын ичинен  эң мыктысы деген чынбы? 

Колдонуучулар эмнени билгиси келет?

  • Отчетторду онлайн тапшыруу боюнча ыңгайлуу көрсөтмөлөр.
  • Тигүү цехинин салыктары кандай?
  • Кандай айыппулдар бар?
  • Патент алуу үчүн  эмне керек жана кандай иш-аракеттерге патенттер бар?
  • Камсыздандыруу полиси канча турат?
  • Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу боюнча ыңгайлуу көрсөтмөлөр.
  • Салыктарды жана декларацияларды тапшыруу мөөнөттөрү.
  • Кантип патентти онлайн алса болот?
  • Салык төлөөчүнүн жеке эсебин кантип колдонсо болот?
  • Унаа салыгын кантип төлөт?
  • Эмгек акы картасы менен кантип төлөсө болот?
  • Салык төлөбөгөндөрдүн тизмеси.
  • Жер, үй ж.б.у.с.га салык төлөөнүн реквизиттери.
  • Салыктарды кайсы банктарга төлөсө болот?
  • Салык органдарындагы коррупция жөнүндө кантип арызданса болот?
  • Компаниянын мыйзамдуу иштеп жаткандыгын кантип текшерсе болот (мисалы, пирамида схемаларына нааразычылыктар)?
  • Ипотека насыясы үчүн салыктык чегерүүлөр.
  • Башка салыктык чегерүүлөр.
  • Карыздар бар же жок экендигин (анын ичнде жеке жактын) кантип текшерсе  болот (мисалы, ИНН менен)?
  • Салыктар кайда кетет?
  • Мүлктү ижарага берүүдө эмнелерди билүү керек?
  • Чакан дүкөндөр (30 чарчы метрге чейин) патенттен тышкары кандай салыктарды төлөшү керек?
  • Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр.
  • Мен кандай салыктарды төлөйм (төлөмдөр жөнүндө отчетту караңыз)?
  • Унаа салыгын онлайн режиминде кантип төлөөгө болот?
  • Кыймылсыз мүлк салыгын төлөө боюнча талаптар.
  • Жер салыгын төлөө боюнча көрсөтмөлөр. Кантип эсептелет? Кантип жана кайда төлөөгө болот? Жер салыгын төлөө шарттары.
  • Унааны камакка алуудан кантип алып салса болот?
  • Унаа салыгы. Эгер декабрда төлөнсө, анда кийинки жылдын декабрына чейин төлөнөбү?
  • КНС боюнча отчеттор үчүн программаны аяктоо.

Все ли вы можете найти на сайте налоговой службы? Анализ доступа к информацииВсе ли вы можете найти на сайте налоговой службы? Анализ доступа к информацииВсе ли вы можете найти на сайте налоговой службы? Анализ доступа к информации

Салык кызматынын сайтында эмне бар?

Сайтта Салык кодекси, буйруктар, жоболор, укуктук актылар жана башка документтер жарыяланган билим базасы бар. Салык төлөөчүлөр үчүн маалыматтар бар — уюмдар, жеке адамдар, жеке ишкерлер ж.б.

Все ли вы можете найти на сайте налоговой службы? Анализ доступа к информации

Бирдиктүү салык декларациясынын отчеттуулук формалары, арыздардын формалары жазылган бөлүм бар.

Все ли вы можете найти на сайте налоговой службы? Анализ доступа к информации

Электрондук кызматтардын тизмелери жарыяланган.

Все ли вы можете найти на сайте налоговой службы? Анализ доступа к информации

Салык кызматы, байланыштар жана бош орундар жөнүндө маалымат бар. Жалпысынан алганда, бир топ маалыматтарды табууга мүмкүн. Бирок, алардын бардыгын табуу ыңгайлуу эмес.

Эмне жетишпейт?

Акыркы убактарда сайттын ачылышы көйгөй жаратып келет. Кээде көпкө чейин жүктөлүп тура берет. Ошентсе да, башка сайттарга салыштырмалуу, Салык кызматынын сайты бир топ технологиялык жана интуитивдүү. Ошол эле учурда, салык  боюнча жетиштүү билими болбогон кыймылсыз мүлккө жана унаа каражаттарына салык төлөгөн жеке жактар, чакан ишкерлер, жеке ишкерлер, бухгалтерлери жок ыктыярдуу патенттин ээлери үчүн кыйынчылыктар жаралат.  Аларга учурдагы PDF форматындагы узак нускамаларды эмес, жөнөкөйлөтүлгөн, мүмкүн кыска видеолорду түзүү ыңгайлуу болмок.

Калктын көпчүлүгү иш-аракетине жараша кайсы салыктар төлөнүшү керектиги жана аны кантип туура жасоо керектиги жөнүндө интуитивдүү маалымат алгысы келет. Бул үчүн, салыктарды кантип төлөөгө болот деген бөлүм түзсө жакшы болот. Мисалы, бардык маалыматтарды толтургандан кийин, кызмат салыктардын тизмесин, аларды төлөө ыкмаларын жана ага байланыштуу маалыматтарды бермек.

Ушундай эле форма ишкерлер үчүн түзүлсө жакшы болот. Анда бардык талап кылынган талааларды толтургандан кийин адам кайсы салыктарды төлөө керектиги жөнүндө ар тараптуу маалымат алат жана салык салуунун жеткиликтүү түрүн тандайт.

Активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жана изилдөөчүлөр үчүн категориялар боюнча төлөнгөн салыктар боюнча маалыматтар реалдуу убакыт режиминде жарыяланган интерактивдүү панель керек. Ошондой эле салыктарды айлар, шаарлар, региондор, иш түрлөрү боюнча жыйноо тууралуу  машинада окула турган формада жашыруун маалыматтардын маалымат базасы зарыл.

IT адисинен кошумча сунуштар

Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы маалыматтардын көптүгүнө карабастан, көпчүлүк үчүн кандай салыктарды, качан жана кантип төлөшү керек экендиги белгисиз бойдон калууда. Бул өтүнүчтү  «Ишкерлер» бөлүмүн түзүү менен канааттандырууга болот. Тандоодон кийин, сайтта салыктардын толук тизмеси, аларды кантип төлөө керектиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Ал эми юридикалык жактын атынан иш алып барган адам, ИННди киргизгенден кийин, ал төлөөгө тийиш болгон салыктардын тизмесин алат.

«Статистика» бөлүмүн түзүү менен, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун көзөмөлдөгөн активисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын суранычын канааттандырууга болот. Ошол жерде интерактивдүү панелди түзүп, анда категориялар боюнча төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде жарыялап турса болот. Ошондой эле салыктарды ай, шаар, аймак, иш түрү боюнча категориялар боюнча чогултуу боюнча анонимдүү маалыматтардын маалымат базасы керек.

Салык кызматынын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан маалымат алуу ыңгайлуубу анализдейбиз

Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан маалымат алуу ыңгайлуубу анализдейбиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.