AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Руслан Молдошев: “Кыргызстан” партиясынын келечеги – өлкөбүздүн келечеги!

Руслан Молдошев: “Кыргызстан” партиясынын келечеги – өлкөбүздүн келечеги!

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Молдошев 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окуган. Ошол эле университетте аспирантураны аяктаган. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында “Каржы жана насыя” адистиги боюнча диплом алган.

Жаңы маалыматтык технологиялар борборунда инженер-программист жана “Мээрим” фондунун Ысык-Көл облустук филиалынын Шаардык балдар жана өспүрүмдөр борборунда маалыматтык технологиялар ийриминин жетекчиси болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын II категориядагы мугалими квалификациясы бар. Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда мугалим жана программист, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун программалоо бөлүмүнүн башкы адиси, ошондой эле бир нече жоопкерчилиги чектелген коомдордо жана соода компанияларында иштеген.

“Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка эмне үчүн ат салышып жаткандыгын Руслан Молдошев маегинде айтып берди.

— Ийгиликке жетүүдөн мурун ар ким өз жолун басып өтөт … Сиз кандай жолду басып өттүңүз?

— Мен орто мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, аспирантурага тапшырдым. Жаш кезимде, кесибим боюнча программист болуп, ал убакта программисттерге суроо-талап жок болгондуктан, мигранттын тагдырын башымдан өткөрдүм. Казакстанга иштегени кетип, ал жерден Шаршенбек Абдыкеримов менен таанышып калдым. Бул жолугушуу менин тагдырымды өзгөрттү. Анын кеңеши менен мен өлкөнүн жаркын келечегин түптөө үчүн мекениме кайтып келдим.

— Сиздин оюңуз боюнча, Шаршенбек Абдыкеримовдун ишенимине ээ болууга сиздин кайсы сапаттарыңыз жардам берди?

— Менин оюмча, адамдарга жана жумушка болгон мамилем. Тагдыр мени ушул адамга алып келгенине абдан кубанычтамын. Ал менин насаатчым болуп калды.

— Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

— Биринчиден, менин келечекке болгон көз карашым партиянын программасы менен дал келди. Бул партияда көптөгөн ишкерлер бар. Партиянын программасында өндүрүшкө жана экономикалык өсүшкө өзгөчө басым жасалган.

— Жаңы муунга насаатчы боло алдыңызбы?

— Мен жаштар менен көп иштейм жана мага алар менен иштөө абдан жагат. Менин негизги кесибим — окутуучу, университетте иштейм. Жаштар келечекти кандайча көрүшөөрүн, кандай натыйжаларга жетүүнү каалай тургандыктары жөнүндө айтып беришет, мен болсо алардын пландарын тууралап, алардын башына түшкөн кырдаалда кандай мамиле кылуу керектиги боюнча кеңештерди берип турам.

— “Кыргызстан” партиясынын келечеги тууралуу айтсаңыз?

— Талапкерлер сөзүнө туруп, партиянын татыктуу атын жаманатты кылбашы керек. Партиянын аты биздин өлкө менен тыгыз байланыштуу, ал жөн гана пафос эмес.

Өндүрүштө иштеп, бизнес менен алектенип, бул тармактарда мамлекеттик деңгээлде чечиле турган көптөгөн көйгөйлөрдү байкадым.  Салык жана бажы тармагындагы, инвестиция тартуудагы көйгөйлөр мамлекеттик экономика үчүн негизги тоскоолдуктар болууда. Бизнеске тоскоол болгон көйгөйлөр мыйзам менен жөнгө салынгандан кийин экономикабыз өнүгөт.

Эгерде мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсам, аймактардагы элдер менен бир топ иштерди алып барууну пландап жатам. Көпчүлүктүн жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок эмнеден баштоону билишпейт. Ушул багытта элге жардам бергим келет.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Аткаруучу: «ПроМедиа Плюс» КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 21-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
realme – өз наркындагы смартфондордун арасында жаӊы ТОП

realme – өз наркындагы смартфондордун арасында жаӊы ТОП

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.