AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Россияга кетип жатам

Россияга кетип жатам, балдарыма эмне деп айтышым керек? Психологдун кеңеши

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы. Мага балдар психологунун жардамы керек эле. Менин 3 жана 1,5 жаштагы кыздарым бар. Жакында Россияга иштегени кетем. Кыздарым куса болбош үчүн моралдык жактан кантип даярдасам болот? Кандай сөздөрдү айтышым керек? Айтып коюңузчу, сураныч?

Ушундай ойлор алыска кетип жаткан бардык эле ата-энеде пайда болсо керек. Кыстаган турмуш ойлогон ойду жеңет болуп, материалдык кыйынчылыктардан улам көпчүлүк бул кадамга барууга аргасыз болуп жатышат. Тилекке каршы бул ата-эне үчүн, алардан өтүп кенедей бала үчүн өтө чоң сыноо.

Кетип жатканда балдар менен кантип коштошуу керек? — деген суроого психолог Карлыгаш Акимкулова жооп берди.

Өзүңүздүн узак убакытка чейин жок болгонуңузга баларыңызды алдын ала даярдаңыз. Эң башкысы, сиз балдарыңызды ар дайым жакшы көрөрүңүздү жана сөзсүз кайтып келе турганыңызды билдириңиз.

Биз балдарды кичинекей, эч нерсе түшүнбөгөндөй кабыл алабыз. Чындыгында андай эмес. Наристелер кенедей кезинен эле, апасынын эмоционалдык абалын, жана айланада болуп жаткан жалпы кырдаалды ички туюму менен билип, байкап турушат.

  • Балдарды ишенимдүү, аларды аябай жакшы көргөн, жана чын дилинен кам көрө турган адамга таштаңыз. Ал киши балдарга ар дайым апасы, атасы аларды жакшы көрөрүн, жана жакында келе турганын айтып турсун.
  • Бардыгын болгонун-болгондой айтып бериңиз. Чоң киши менен сүйлөшүп жаткандай, бирок баланын тили менен.
  • Жайдары, жылмайып, толкунданбай сүйлөшүңүз. Мен жогоруда айтып кеткендей, балдар тамырчы болот. Сиздин эмоционалдык абалыңызды жакшы түшүнүшөт, эгер кыжалат болсоңуз, ал сезим балдарга да өтөт.
  • Иш менен кетип жатканыңызды, кете турган жана кайра кайтып келе турган күнүңүздүн так датасын, кайсы шаарга бара турганыңызды, ал жактан эмне кыла турганыңызды айтып бериңиз.
  • Кетип жатып сөзсүз коштошуп кетиңиз. Айтпай, уурданып качып кетсеңиз аларга чоң психологиялык травма жасайсыз. Балада “апам мен таштап кетти”, чоңураактары мен “жаман бала”, “жаман кыз” болгонум үчун апам кетип калды деп ойлоп калышат. Өзүн жектеп, себепсиз күнөөлөшөт.
  • Күндө бир маал телефон чалып, же интернет аркылуу байланышып туруңуз. Балдар сиздин кайсы малда байланышка чыга турганыңызды билип, ошол мезгилге даяр болушсун. Алар ошол саатты күтүшөт. Сиздин жанында эле жүргөндөй сезим пайда болот.
  • Белек ала келем, же дагы бир нерсе сатып берем, деп убада бербеңиз. Балага мындай сөздөрдүн кереги жок. Алар үчүн ата-энеси менен сүйлөшүп, анын үнүн угуу маанилүү.
  • Балдарыңызга жеке буюмдарыңызды, сүрөтүңүздү, кийимдериңизди калтырып кетиңиз. Сизди сагынганда жытыңыз сиңип калган кийимдерди жыттап, же буюмдарды колуна алып, бир аз болсо да сооронот. Ар дайым жанына ала жүрөт.

Урматту ата-энелер, мүмкүн болушунча эртерээк кайтып келиңиз. Колдон келишинче балдарды жаныңызга алып жүрүңүз. Үй-бүло бирге болуп, бардык кыйынчылыктарды бирге жеңип чыгуу үчүн жаралат.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апаман уурданып биринчи аялымдын үйүнө барам

Апаман уурданып биринчи аялымдын үйүнө барам

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.