Саламатсызбы! Үч балабыз менен кайын атамдын үйүндө, кайын энем, кайын инилерим болуп турабыз. Азыр баары Россияда. Эч кандай мал-жандык, автоунаа, айдоо жерибиз жок. Жолдошум дагы туруктуу жумушта иштебейт. Жазында курулушта иштейт, тапканы тамак-аштан артпайт. Жөлөкпулга чуркап жүрүп, эч чыгарта албай койдум. Бардык документти тууралап барсам, акт жазып кел дешет. Жаздырып барсам, кыска экенин айтып, «кайын атаң, кайын энең, кайын инилериң силерге акча салат, ошондуктан жөлөкпул чыкпай калат» дешти. Кайын атам үйдө буту ооруп үйдө жатат. Кайын инилеримдин өз турмушу бар. Кээде кайын энем неберелерге конфетке деп миң рубль жөнөтөт. Аябай кыйналып кеттик. Жол киреге акча жок. Жөлөкпул алалабызбы?







