AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Резюмеге жашыңызды

Резюмеге жашыңызды, дарегиңизди жазбаңыз. Жумуш издегендерге кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

IT-компаниянын түптөөчүсү жана башкаруучу директору Динара Руслан жумуш издеп жүргөндөр үчүн пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. 

Codify Lab’га сатуу менеджери үчүн вакансия ачып, сынак жарыяладык. Акыркы эки жумада 100дөн ашык резюмелерди карап чыгып, 20дан ашуун талапкерлер менен маектештик. Ошондо мени бир нерсе аябай өкүндүрдү: көп талапкерлер эмне үчүн бул кызматты ээлегиси келгенин жана жашоодон эмнени кааларын билишпейт экен.

1) Резюме жазганды үйрөнүңүз.

Резюмеде эң маанилүү маалыматтар, башкача айтканда, тажрыйба, билим жана негизги көндүмдөр камтылышы керек. Буга чейин эмне менен алектенгениңди, компания үчүн эмне кыла аларыңды сөзсүз көрсөтүү зарыл.

Жашыңызды, дарегиңизди, айдоочулук күбөлүгүңүз барбы же жокпу, бойдоксузбу же үй-бүлөлүүсүзбү жазуунун кажети жок.

Селфиге түшкөн сүрөтүңүздү дагы жүктөп убара болбоңуз. Хоббиңиздин ордуна, кандай жөндөмдөрүңүз бар, ошону жазыңыз. Мисалы, «бир нерсени бат үйрөнөм», «Google docs жана CRM сыяктуу программаларды колдонгонду билем» ж.б. сыяктуу.

2) Резюмеңизге мотивациялык кат тиркеңиз.

Эгерде тажрыйбаңыз жок же жетиштүү эмес болсо, сөзсүз түрдө мотивациялык кат жазышыңыз керек. Антпесе резюмеңизди эч ким карабайт. Дегеле, жумуш издегендер мотивациялык кат жазууну адат кылып алса сонун болот. Билбегендер үчүн интернетте мисалдар көп. Айтып коеюн, аларды көчүрүп убара болбоңуз. Баары бир билинип калат.

3) Катты темасы жок жазбаңыз.

Электрондук почтадан кат жөнөтүп жатканда, аталышына сөзсүз түрдө кайсы кызмат ордуна экенин жана аты-жөнүңүздү жазыңыз. Болбосо катыңыз автоматтык түрдө келбей калат же спамга түшүп кетет.  

4) Бош кат жөнөтпөңүз.

Резюме гана тиркелген бош кат сиз жөнүндө жаман пикир калтырат. Каттын ичине дагы бир нерселерди жазып коюну унутпаңыз. Жок дегенде: “Саламатсызбы, менин атым мындай жана сиздердин компанияда иштегим келет.” Жөн гана резюме тиркелген бош кат мүмкүнчүлүгүңүздү азайтат. Жумуш берүүчү сизди жалкоо же учурашканды билбейт деп ойлоп калышы мүмкүн.

5) Телефон аркылуу маектешүүгө даяр болуңуз. 

Убакытты текке кетирбеш үчүн жумуш берүүчүлөрдүн көбү алгач телефон аркылуу маектешет. Эгерде сиз жумуш издеп жатсаңыз, анын үстүнө бир-эки жерге резюмеңизди таштаган болсоңуз, анда ар дайым чалууларга жооп бериңиз, сылык сүйлөңүз. Муну баары эле билет деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок андай эмес. Өзүм кызыгып бир-эки талапкерге чалып көрдүм, жоопторду мени аябай таң калтырды.

6) Эң  негизгиси интервью экенин унутпаңыз.

Интервьюнун максаты — бул кызматка канчалык деңгээлде туура келесиз, канчалык тез үйрөнөсүз, сизге ишенсе болобу же жокпу аныктоо.

Берилген суроолорго сылык жооп бериңиз. Калп айтып убара болбоңуз, дароо сезилет.

Дагы бир айта кетчү нерсе бар. Мисалы, юристте окуйсуз, бирок спортчу болууну каалайсыз, IT тармагынан жумуш караштырып жатасыз дейли. Бул учурда “Эмне үчүн IT компаниядан издедиңиз?” деген суроого так жообуңуз болушу керек. «Убактылуу акча табуу үчүн» же «өлкөмө жардам берүү үчүн» деген жооптор жарабайт.

Эмнени каалайсыз, кайсы тармакта, кандай кызматта иштегиңиз келет, так чечип алгандан кийин гана жумуш издеп баштаңыз.

Эгер бир нерсени катуу эңсесеңиз жана ага жетүүнү кааласаңыз, анда сөзсүз ийгиликти багынтасыз. Жумуш берүүчү мотивацияңыз бар экенин сезгенде дароо кабыл алат. Анткени, эптеп 9дан 6га чейин чыдап отурган кызматкерге караганда, мотивациясы бар адамдын бир нерсеге жеткиси келип турганын байкабай коюу мүмкүн эмес. 

Интервьюңуз ийгиликтүү өтсүн!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Абысынымдын баласынын бир сөзү

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.