// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кимди күйөө жолдош кылсам?

Менин Алмаз жана Бакыт деген эң мыкты досторум бар. Бири-бирибиздин жакшы-жаманыбызга чыдап, достугубузду ушул убакка чейин сактап келдик. Мен жакында өз теңим менен үй-бүлө күтөм. Учурда кайсы досумду күйөө жолдош кылсам деп убайым тартып жатам. Экөө тең мага “мен сени күйөө жолдош кылам” деп айткан. Алмазды тандасам Бакыт досумдан ажырайм, Бакытты тандасам Алмаздан. Кеңеш бериңиздерчи кимисин тандайм?

Эксперттин жообу
14.05.2018, 15:20

Тынчтык Бакытов

психолог

Урматтуу окурман, кимди тандаарыңызды өзүңүз чечишиңиз керек. Чыныгы дос болсо алар түшүнүшү зарыл. Сиз биринчисине айтпай экинчисин тандасаңыз ал дагы өкүнүчтүү болушу мүмкүн, андыктан досторуңуз менен дагы кеңешип көрүңүз. Балким досторуңуздун таарынайын деген ою жок. Досторго көп учурда бири-биринен эч нерсе керек эмес, алар жөн гана убакытты бирге өткөрүп, кандайдыр бир иштерди чогуу аткарышат. Үйлөнүү тоюңуз жакшы өтсүн!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт