Кымбат Барматова
дене-тарбия мугалими
Кыз бала үчүн жеңил спорттун түрлөрүн ыңгайлуу деп билем. Сууда сүзүү, муз үстүндө бийлөө, көркөм гимнастика кыз кишини назик, ийкемдүү болуусуна үйрөтөт. Волейбол, баскетбол, жеңил атлетика жана башка түрлөрү менен да машыкса болот. Айтаарым бардык спорт чыдамкайлыкты, эрктүүлүктү жана аракетти талап кылат.
Мисалы кыргыздын улуттук оюну тогуз коргоол дагы спорттун бир түрүнө кирет. Бул акыл оюну аял заты үчүн эң ыңгайлуу болуп саналат. Кийин үйүндө олтуруп балдарына үйрөтсө болот, жадакалса кош бойлуу кезинде мелдештерге катыша алат.