Менин жашым 20 да, жыныстык мүчөмдөн түзсүз бир суюктук келип турат. Анын коркунучу жокпу?
Менин жашым 20 да, жыныстык мүчөмдөн түзсүз бир суюктук келип турат. Анын коркунучу жокпу?
Айгерим Жакыпбекова
гинеколог
Влагалище – бул аялдын жыныс мүчөсүнүн ичи, суюктук ушул жерден бөлүнүп чыгат. Нормада алар жытсыз жана ачык, тунук түстө болот. Ал эми сезгенгенде же инфекция кирген учурда кочкул сары түс жана жагымсыз жыт менен бөлүнүп чыгат. Бул учурда сөзсүз түрдө мазок тапшыруу жана дарыгерге кайрылуу шарт. Сизден чыгып жаткан суюктук чындап эле түзсүз жана жытсыз болсо анда анын коркунучу жок.