// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жетекчим көңүлдөш бол дейт

Жетекчим “менин ойношум болосуң” деп кыйнап жатат болбосо “өзүнүн ишин так аткара алган жок деп жумуштан кууйм” дейт. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
23.04.2018, 14:33

Нурислам Раимжанов

юрист

Кандай гана учур болбосун жетекчинин мындай төмөн, эркек кишиге жийиркеничтүү болгон талабына каршы туруңуз. Ошондой эле сиз өз жумушуңузду таштабаңыз, анткени сиз кетсеңиз ал жетекчи башка жумушчуга да өзүнүн жийиркеничтүү талабын коюусу мүмкүн ал болсо сизге окшоп эрктүү болбошу ыктымал. Ошондуктан бул жетекчи менен өзүңүз күрөшүңүз.

Кантип десеңиз? Анда сиз төмөндөгүчө иш жүргүзүңүз:

  • Жетекчиңизге “Мен Кудайдан коркомун, ошондуктан сиз менен ойноштук кылууга эч бир учурда макул болбойм” деп айтыңыз.
  • Жетекчиңиз менен жалгыз калып калбагандай иш жүргүзүңүз, сиздин жаныңызда жетекчиден башка дагы үчүнчү киши болсун. Сиздердин жеке сүйлөшүп калууңузга шарт түзүлбөсүн.
  • Эгерде жетекчиңиз дагы бир жолу өзүнүн талабын айтса, сиз кол телефонуңузга анын бул талабын жаздырып алыңыз. Кийин кереги тийет.
  • Сизден жетекчи талап кылып жаткан нерсе жөнүндө жакындарыңызга айтыңыз жана прокуратурага же милицияга арыз менен кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт