Мени ойлондурган маселе апамдын оң көзүнүн кареги көгүш өңдө болуп калыптыр, ары-бери караса былкылдайт мурун андай эмес болчу. Мунун коркунучу жокпу?
Мени ойлондурган маселе апамдын оң көзүнүн кареги көгүш өңдө болуп калыптыр, ары-бери караса былкылдайт мурун андай эмес болчу. Мунун коркунучу жокпу?
Аида Аскеева
офтальмолог
Эгерде сиздин апаңызды көзүнүн кара болуп турган жери көгүш болуп калса, анда бул катаракта оорусу болушу мүмкүн. Дарыгерге көрүнүү керек. Эгер катаракта жетилсе оперция жолу менен алуу кажет, эртерээк кайрылбаса катаракта бышып жетилип кетсе көзүнүн басымы көтөрүлүп, көрбөй калуу коркунучуна алып келет. Андыктан апаңызды дарыгерге көрүнүүгө көндүрүңүз, канчалык эрте текшерүүгө барсаңыздар жыйынтыгы жакшы болот.