Менин жашым 16 да, этек кирим көп кечигет. Он күн кечигип келчү, негедир бул айда он беш күнгө жакындап калды. Эмне кылсам болот?
Менин жашым 16 да, этек кирим көп кечигет. Он күн кечигип келчү, негедир бул айда он беш күнгө жакындап калды. Эмне кылсам болот?
Бактыгүл Муратова
гинеколог
Этек кир бир жылдын ичинде калыпка түшүп калуусу керек. Сиз үйүңүздөн көп стресс болсоңуз бул да тоскоолдук кылат. Эгер жашаган жериңизди алмаштырсаңыз, климаттын өзгөрүүсү да таасирин тийгизет. Андыктан көп стресс болбоого аракет жасаңыз. Дагы алты ай этек кириңизди көзөмөлдөп көрүңүз, анда дагы болбосо гормондорго анализ тапшырууңузга туура келет.