Апам экөөбүздүн дагы мамилебиз начар. Кечээ урушуп кетип, телефонумду алып койду. Үй иштерин баарын кылам, баланы дагы карайм. Биринчи сменада окуганыма карабастан жумуштарды бүтүрүп, кээде 2-3 саат эле уктайм. Канча кылсам дагы апама жакпайм.
// //

Ильдар Акбутин
Психолог
Ушунча аракеттенип, бирок апаңыздан жакшы сөз укпаган абалыңызды түшүнүп жатам. Сиз 3-5 жыл мурунку кичине бала эмессиз, ошол себептен өз чындыгыңызды айтуу үчүн апаңыз менен урушуп жатасыз. Апаңыз сиздин чоң адам болуп калганыңызды кабыл алгысы келбегендиктен, сизди кичине көрүп жаткандыр. Бирок жумуштун баарын сизге берип жатышы бул нерседен күмөн санатат. Мындай абалдарда төмөнкү тактиканы колдонуп көрүңүз. Апаңыз сиз атакара турган милдеттерди айтып берсин, эгерде сиз аларды аткарбай койсоңуз анда, белгилүү мөөнөткө чейин телефонуңузду алып койсун. Эгерде баарын өз ордуна жайгарсаңыз, анда сизди сыйлап, дос-курбуларыңыз менен сейилдөөгө жиберсин. Же болбосо өзүңүз каалаган нерсени сураңыз. Эгерде апаңыз буга макул болсо, сизде кылган ишиңизде, сыйлык алганыңызда жана жазаңызда чек ара болот. Ушундай ыкма менен чоңдор арасында мамиле курулат. Чоңоюп калганыңызды билдирүү өз тандооңуз.