Мен 17 жаштамын геморройдон үй шартында кантип арылсам болот? Дарыгерге баргандан, бирөөгө айткандан уялам.
Мен 17 жаштамын геморройдон үй шартында кантип арылсам болот? Дарыгерге баргандан, бирөөгө айткандан уялам.
Гульмира Асанбекова
Проктолог
Геморройдун 4 баскычы бар. Ар бир баскычында операция жасатса же операциясыз эле дары-дармек, аппараттык метод менен дарыласа болот. Сизди текшербей туруп, кайсы баскычы экенин аныктоо кыйын. Геморрой үчүн атайын шамдар, маздар бар. Бирок дарыгердин көзөмөлү менен гана, баскычын аныктап анан дарылоо курсун аласыз. Андыктан өз алдынча ар нерсе кыла бербеңиз. Ден-соолугуңузга кам көрүп, тезирээк проктологго кайрылыңыз. Бул жерде уялып, тартынуунун эч кандай пайдасы жок. Убагында дарылабасаңыз, өрчүтүп аласыз.