Менин жашым 14 тө, чачым аябай жай өсүп, акыркы айларда өспөй чачтарым түшүп жатат, жукарып да кетти. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Кантип тезирээк чачымды өстүрсөм болот?
Менин жашым 14 тө, чачым аябай жай өсүп, акыркы айларда өспөй чачтарым түшүп жатат, жукарып да кетти. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Кантип тезирээк чачымды өстүрсөм болот?
Надира Бейшеева
трихолог
Биринчиден чачтын түшүшүнүн себеби ички органдардын жабыркашынан кабар берет. Мындан тышкары тукум кууйт же стресске кабылганда, химиялык заттарга ууланганда, витаминдин жетишпөөсүндө, көп ойлонгондо, өтө көп чарчоодо, уйку качуудадан чач түшөт. Чач өзү өсүү учурунда өсөт, сиздин чач азыр эс алып жаткан мезгилде болушу мүмкүн, маалымат катары айтып коёюн чачты тез өстүрүүчү атайын дарыларды колдонуп кереги жок. Дарыгерге кайрылсаңыз жардам берет.