Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Түнт абалдан кантип чыгам?

Мен 19 жаштамын. Көп убакыттан бери түнт болуп кеттим. Досторум “эмнеге маанайың жок, сүйлөбөй да калдың” деп көп суроо узатышат. Туугандарыма да сырымды айта албайм. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
A
Asel
05.03.2018, 17:53

Каныша Кожогелдиева

психолог

Курактык өзгөчөлүктөрдү алып карай турган болсок, нормада өнүгүп жаткан адамда 16 жаштан 25 жашка чейин ички дүйнөсүндө кайра оңдоп кароо, келечекти ойлонуу , алдыга багыт алуу процесси жүрөт. Келечекке дегенде ал жерде бир эле тандап алган кесиби же эртеңки жашоосу эмес, жеке инсандык жашоосу да эске алынат. Сенин түнт болуп жүргөнүңдүн бирден бир себеби ушул, себеби сен ички дүйнөң менен алек болуп, көп сүйлөй бербей ойлонуп каласың. Эгерде мындай абал менен күрөшпөй ушул боюнча калтыра турган болсоң, мындан ары да түнт болуп калышың толук мүмкүн. Сен өзүңө дос издеп ичиңдеги болуп жаткан нерселерди аны менен бөлүшүшүң керек. Дос тап десем, сен менин чыныгы досум жок деп коюшуң мүмкүн. Бул да туура, себеби мындай учурда сенин көз карашың боюнча баардыгы эле дос боло бербейт. Анткени сенин курагыңда досторду бөлүү башталат. Бул менин жакын досум, тиги жөн эле дос, ал болсо классташ дос же тааныш деген сыяктуу. Аракет кылуу, дос табып аны менен сырдашуу, кеңеш бөлүшүү сенин колуңда. Досуң болсо аны менен бирге көңүл ачуучу жерлерге барып, күндөлүк жашоого алаксып түнт болгон абалдан чыга аласың. Түнт болуп жүрө берүү ден-соолукка да зыян экенин унутпашың керек. Айтаарым аракет кыл!

 

Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт