Мен 21 жаштамын. Кээде бир нерседен көңүлүм калса, же бирөө катураак урушуп койсо жашоо кызыксыз супсак сезилип, өз жанымды кыйууну ойлой берем. Мындай ойлор окуучу кезимден бери келет. Ушул жылы жайында асынып өлөмүн деп жип сатып алып катып койгом, бирок өлбөй калдым. Азыр болбогон эле майда-чүйдө жумуштарга ушинтип жатсам, эртең жашоодо чоңураак көйгөй болуп калса чыдабай өлүп аламынбы деп корком.