Менин карындашым бар, жашы 11де. Абдан жай ойлонот, мектептин программасын көп учурда түшүнбөй калат. Сабактан келгенден кийин, кечке жүрө берет, кийимин алмаштырбайт айтмайынча. Айтсаң да 30-40 мүнөт кийинет, өз алдынча эч нерсе кыла албай жүдөй берет. "Мен кайсы кийимимди кийем, эмне кылам" деп. Бул кызды эмне кылса болот? Канткенде жакшы тарбия бере алабыз? Атасы жок, апасы жумушта бир күн кечке.